Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2026 (ПЭЭФ-2026) иш-чараларына катышып, экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана эл аралык кызматташтык багытындагы бир катар маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Иш сапардын жүрүшүндө негизги жыйынтыктардын бири катары «ВЭБ.РФ» мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортосунда кызматташуу жана маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул документ тараптардын инвестициялык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө багытталган.
Форумдун алкагында Мээримбек Койчуманов Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынын бизнес-делегациясы менен да жолугушуу өткөрдү. Анда тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана эки аймактын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуулардын жыйынтыгында катышуучулар ишкердик байланыштарды бекемдөөгө жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө болгон өз ара кызыкдарлыгын ырасташты.
Улуттук агенттиктин ПЭЭФ-2026га катышуусу Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде илгерилетүү, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү жана ишкердик байланыштарды чыңдоо багытындагы маанилүү кадам катары бааланды.