Планетанын бойго жеткен калкын эмдөө канча турат?
ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебресиес планетанын бойго жеткен калкын коронавируска каршы эмдөөнүн баасын эсептеп чыкты. Бул тууралуу ДССУнун сайтында маалымдалат.
Ага ылайык, дүйнө жүзү боюнча бойго жеткен калктын көпчүлүгүн эмдөө үчүн 35-45 млрд доллар талап кылынат. Гебресиес дүйнөлүк эмдөө программаларын каржылоо жана коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү маселелерин G7 өлкөлөрүнүн лидерлери гана чече алат деп кошумчалады.
Эскерте кетсек, апрель айында Гебресиес Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин менен болгон жолугушууда коронавирус пандемиясына каршы глобалдык аракеттерге Орусия тараптын кошкон салымын жогору баалаган.