"Эркин-Тоо"

Премьер-министр Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Элчиси Женгиз Фыратты кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Женгиз Фыратты анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Элчиге өлкөдөгү жемиштүү иши, ошондой эле Түркия Өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда тараптар соода, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкка тийиштүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында өтүүчү Кыргыз-Түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешин жана бизнес-форумду өткөрүү боюнча  маселелерди талкуулады.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы элчини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташы менен куттуктап, ишине ийгликтерди каалады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!