Президент айдоочулук күбөлүктөр боюнча маалыматтарды төгүндөдү
Президент Садыр Жапаров Алай районунун тургундары менен жолугушууда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып, алардын ишке ашуусу көп учурда коррупциялык топтордун каршылыгына туш болуп жатканын билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, реформалар коомчулук тарабынан ар дайым эле оң кабыл алынбай, сын-пикирлер, митингдер жана социалдык тармактардагы терс маалыматтык кампаниялар менен коштолууда.
Ал мындай аракеттердин артында мурда каржы агымдарын көзөмөлдөп, жеке кызыкчылыктарын көздөгөн адамдар турушу мүмкүн экенин белгиледи.
Президент ошондой эле 2020-жылга чейин мамлекеттик маанидеги документтер — паспорт, айдоочулук күбөлүк, аттестат сыяктуу кагаздар чет өлкөлөрдө даярдалып келгенин эске салды. Анын айтымында, бул жагдай ири коррупциялык схемаларга шарт түзүп келген.
Учурда мындай документтер толугу менен Кыргызстанда чыгарылып жатканын билдирген Жапаров, жаңы айдоочулук күбөлүктөр чет өлкөлөрдө таанылбайт деген маалыматтарды четке какты. Ал документтер эл аралык талаптарга жооп берерин жана бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Европа мамлекеттеринде жана Россияда тааныларын кошумчалады.