Президент: «Акыркы беш жылда айыл чарба продукциясы 2 трлн сомго жетти»
Ынтымак Ордо имаратында өтүп жаткан республикалык кеңешмеде Президент Садыр Жапаров акыркы беш жыл ичинде айыл чарба тармагында өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү 2 триллион сомго жакындаганын билдирди.
Ошондой эле Мамлекет башчысы акыркы жылдардагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу милдеттерди белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, жыйындын алкагында Министрлер Кабинети 2025-жылы өлкөнүн ар тармагында аткарылган иштер боюнча маалымат берүүдө.