Президент чек арадагы кырдаал боюнча саат сайын маалымат алып турат

30-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 13

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтеректин билдирүүсүндө, президент Садыр Жапаров Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал жөнүндө саат сайын маалымат алып турат.  

Мамлекет башчысы азыр өзүнүн жумуш ордунда — Өкмөт үйүндө … Бүгүн Баткен облусунда болгон окуя биздин элибиз жана өлкөбүз үчүн оор сыноо болду. Президент бардык кыргызстандыктар сыяктуу эле өлкөнүн тагдыры жана ар бир кыргызстандык үчүн, айрыкча жабыркагандар үчүн тынчсызданууда», — дейт Байтерек.

30-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X