Президент: «Эч кандай ажырым жок, өлкө туруктуу өнүгөт»

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Президент Садыр Жапаров коомчулукта айтылып жаткан ажырым тууралуу пикирлерге комментарий берди.
Буга чейин коомдук ишмер, белгилүү санжырачы Мурат Жетимишбаев маектеринин биринде президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунда ажырым жаралды деген тынчсыздануусун билдирген. Ал мындай санааркоо коомчулукта да бар экенин белгилеген.
Бул боюнча комментарий берген мамлекет башчысы кооптонууга негиз жок экенин айтты.
Мамлекет башчынын айтымында, эч кандай олуттуу өзгөрүү болбойт жана маселени трагедия катары кабыл алуунун кажети жок. “Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат”, — деди Президент.
Ошондой эле ал кимде-ким элдин тынчтыгын бузууга аракет кылса, мыйзам чегинде аёосуз жазага тартыла турганын баса белгиледи. Президент өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи мындан ары да жогорулай берерин, ички жана тышкы саясат мурдагы нукта улана турганын кошумчалады.
26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X