Президент “Эл үмүтү” программасынын жаңы тартибин бекитти
Президент Садыр Жапаров “Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын жаңы тартибин бекиткен жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эми дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине магистратура же докторантурага өткөн кыргызстандык жаштардын окуу акысын мамлекет каржылайт.
Жаңы тартип боюнча, “Эл үмүтү” программасы аркылуу чет өлкөдө билим алган бүтүрүүчүлөр окуусун аяктагандан кийин мамлекеттик органдарда же мамлекет каржылаган мекемелерде иштөөгө милдеттендирилет. Эгер келишимдеги шарттар аткарылбаса, окууга кеткен чыгымдарды мамлекетке кайтарып берүү каралган.
Ошондой эле программанын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кадрдык резервине конкурссуз кире алышат.
Маалыматка ылайык, стипендияны каржылоо Президенттик фонд аркылуу жүргүзүлөт. Ал эми программаны координациялоо жана көзөмөлдөө ишин Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги алып барат.