Президент электр кубатына кандай тарифтерди сунуштады?

22-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 12

Жетиштүү жашаган үй-бүлөлөр үчүн чектелген тарифтин алкагында канча миң абонент төлөбөй турганын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат берип, керектөөчүлөр үчүн 3 башка градация сунушталып жатканын билдирди.

» Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө аярлуу катмарга кирген 110 миң үй-бүлө бар. Алар мамлекеттен жөлөк пул түрүндө жардам алып турушат. Булар биринчи топко киришет. Учурда булар боюнча маалымат топтоо жана текшерүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү тапшырмалардын үстүндө иштеп жатабыз», — дейт Турдубаев.

«Экинчи топ — тоолуу райондордо оор шартта жашаган 187 миң абонент, алардын бардыгы маалымат базасына киргизилген.

Турдубаевдин айтымында, жогорудагы топторго кирбеген калктын калган катмары, электр кубатын өзүнүн баасында -1,48 сом менен төлөшөт.

Садыр Жапаров сунуштаган тарифтер:

• аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу;
• жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу;
• жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу;
• суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса, 2 сом 29 тыйындан эсептөө.

22-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X