Президент Эрлист Акунбеков менен Дамирбек Осмоновду министрлик кызматка дайындады

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин курамындагы дайындоолор жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Эрлист Акунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп дайындалды. Дамирбек Осмонов Саламаттыкты сактоо министри болду.

Эске салсак, 25-февралда Жогорку Кеңеш алардын тиешелүү кызматтарга талапкерлигин бекиткен.

 

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X