Президент Фор Эссозимна Гнассингбеге комуз белек кылды

28-апрель, 2026-ж. / Редакция / Саясат 835
Президент Садыр Жапаров жана Того Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Бишкек шаарына жакын жайгашкан Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы аймагында уюштурулган этномаданий программага катышышты.
Меймандарды төкмө акындар жана улуттук салттуу кийимчен баатырлар тосуп алып, кыргыз элинин маданий каада-салтын тааныштырышты.
Иш-чаранын алкагында Того делегациясына кыргыз элинин материалдык жана руханий мурастарын чагылдырган “Кыргыз айылы” көргөзмө комплекси көрсөтүлдү. Анда кол өнөрчүлүк жана зергерчилик буюмдар, салттуу музыкалык аспаптар, ошондой эле көчмөн турмушка байланышкан тиричилик буюмдары коюлду.
Мындан тышкары, коноктор кыргыз тайганы, алгыр бүркүттөр жана кийизден жасалган салттуу шырдактар менен таанышышты. Бул элементтер кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгүн жана көчмөн турмуштун бай мурасын чагылдырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Того Министрлер кеңешинин Төрагасына улуттук музыкалык аспап — комузду белекке тапшырды. Ошондой эле коноктор кыргыз улуттук суусундуктары менен сыйланышты.
Маданий программа “Манас” эпосунан үзүндү аткаруу менен улантылып, андан соң “Кайбар”, “Шаттык” жана “Акмарал” элдик-фольклордук ансамблдери кыргыз жана дүйнөлүк музыкалык чыгармаларды, ошондой эле улуттук бийлерди тартуулашты.
Белгилей кетсек, Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген.
28-апрель, 2026-ж. / Редакция / Саясат 835
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X