Президент Гананын тышкы иштер министрин кабыл алды

16-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20

Президент Садыр Жапаров 16-мартта Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблакваны кабыл алып, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Гана ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан тармактардагы аракеттерди кеңейтүү маселелери каралды.

Мамлекет башчысы өлкөлөр географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан, Кыргызстан Гана менен кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал Африка өлкөлөрү менен өнөктөштүктү күчөтүү багытында иштер жүрүп жатканын айтып, өткөн жылы Эфиопияда Кыргызстандын элчилиги ачылганын жана жакын арада Египетте да элчилик ачуу пландалып жатканын билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан быйыл Африка биримдигинде байкоочу макамын алганын, бул уюмдун алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде министр Гананын президенти Жон Драмани Махаманын саламын жеткирип, Садыр Жапаровду Гананын көз карандысыздыгынын 70 жылдыгына карата өлкөгө келип кетүүгө чакырды.

Жолугушууда ошондой эле курулуш, санариптештирүү, туризм жана агроөнөр жай тармактары эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн перспективдүү багыттар экени белгиленди. Тараптар бул сапар Кыргызстан менен Гананын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.

16-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X