Президент Караколдогу оңдолгон №11 балдар бакчасына барды
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы №11 балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалыматтык кызматы кабарлады.
Имарат 1972-жылы муниципиалдык балдар бакчасы катары курулуп, 1991-жылы банк болуп кайра түзүлгөн.
2025-жылы Президенттин Иш башкармасы тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, мекеме заманбап шарттарга ылайык толук жаңыланды.