Президент Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11

Бүгүн, 19-мартта, Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жумушчу кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү өлкөдөгү стратегиялык объекттердин тизмеси боюнча сунуштарын беришти.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин аймактардагы өкүлдөрүнө, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

19-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X