Президент Кыргызстанга кайта албай жаткан жарандар эвакуацияланып жатканын билдирди
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келе албай жаткан жарандарды эвакуациялап алып келүү иштери тынымсыз жүрүп жатканын билдирди.
Мамлекет башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: «Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, Ата Мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат.
Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик. Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет.
Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам», — деп жазды.