"Эркин-Тоо"

Президент Кытайдын Кыргызстандагы элчисине «Достук» орденин тапшырды

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге КР мамлекеттик сыйлыгы — «Достук» орденин тапшырды.

«Кыргызстан сиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Элчи Ду Дэвэнь КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын айтып, көрсөтүлгөн сый-урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди. Бул сыйлык Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө болгон мамилесин жана көңүл буруусун көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Кыргызстан Кытай үчүн — жакшы кошуна, жакшы дос жана ишенимдүү өнөктөш. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты бардык тармактарда өнүктүрүүгө дайым даярбыз», — деп кошумчалады элчи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул орден менен Кыргызстан жана чет өлкөлөрдүн жарандары тынчтыкты, достукту жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн сыйланышат.

Пример HTML-страницы