Президент Мамлекеттик салык кызматынын төрагасын кабыл алды

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53

Президент Садыр Жапаров 27-январда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды.

Жолугушууда салык системасын реформалоонун экинчи этабынын жүрүшү талкууланды. Анын алкагында «Салык Күзөт» аттуу автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргизилди.

Алмамбет Шыкмаматов буга чейин салык органдары маалыматтарды бир нече булактан жана кагаз түрүндө чогултууга мажбур болгонун, жаңы система менен бардык маалыматтар бир платформага топтолгонун билдирди. Тутум салыктык түшүүлөрдү аймактар, райондор жана шаарлар боюнча онлайн режиминде көрсөтүп, КНС төлөбөгөн компанияларды аныктоого мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент «Салык Күзөт» платформасын кеңири жайылтуу, ишкерлер менен салыктык тартип боюнча системалуу иш алып баруу жана бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X