Президент менен жолугушууда көтөрүлгөн маселе чечилди

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 158

2026-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун тургундары менен жолугушкан. Жолугушууда Төө-Моюн айылынын тургуну медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу көйгөйдү көтөргөн.

Анын айтымында, айылдын жашоочулары, анын ичинде кош бойлуу аялдар, медициналык жардам алуу үчүн Ош шаарына чейин болжол менен 65 чакырым жол жүрүүгө аргасыз болуп келишкен.

Көтөрүлгөн маселе ыкчам каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Төө-Моюн айылынын тургундарын айылдан 17 чакырым аралыкта жайгашкан Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Натыйжада бүгүнкү күндө Төө-Моюн айылынын 20 миңге жакын тургуну өздөрүнө кыйла жакын жайгашкан медициналык мекемеден сапаттуу медициналык жардам алып жатышат.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель жана май айларында эле Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндө айылдын 49 тургунуна медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен 7 аялга кесарево операциясы жасалган. Ошондой эле 145 балага жана ондогон башка бейтаптарга ар түрдүү багыттар боюнча медициналык кызматтар көрсөтүлгөн.

25-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен болгон жолугушууда Төө-Моюн айылынын тургуну мамлекет башчысы менен жолугушууда көтөрүлгөн маселенин кыска мөөнөттө чечилгенине ыраазычылык билдирип, бул чечим миңдеген тургундардын жашоосун жеңилдеткенин белгиледи.

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 158
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X