Президент ооруп жаткан журналистке материалдык жардам көрсөттү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ооруп жаткан журналист Калия Дуйшебаевага Президент тарабынан материалдык жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.
Анын айтымында, журналисттер Калия Дуйшебаеванын ден соолугуна байланыштуу дарылануусуна колдоо көрсөтүү максатында каражат чогултуу демилгесин көтөрүп, Facebook социалдык тармагы аркылуу коомчулукка кайрылышкан.
«Бул маалыматты көргөн жетекчибиз Садыр Нургожоевич өзүнүн фондунан Калияга материалдык жардам көрсөтүп, керек болгон акча каражатын бөлүп берди.
Калия, ден соолугуң чың болуп, тезирээк сакайып кетишиңди каалайбыз. Ар дайым элиңе кызмат кылып, жакшы жаңылыктарды тартуулап жүрө бер!» – деген Дайырбек Орунбеков.
