Президент өрүкзарлуу Баткен эли менен жолукту

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 138

Президент Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек районунда, Сүлүктү шаарында болуп, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар жана коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугуп, элдин көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Таза суудан, сот адилеттүүлүгүнө чейинки талаптар
Баткендиктердин Президентке кайрылууларын журналисттик көз караш менен талдап көргөндө, бир маанилүү жагдай байкалат. Элдин талаптары күнүмдүк тиричиликтин көйгөйлөрү менен эле чектелген жок. Алар мамлекеттик кызматтын сапатына, мыйзамдын иштешине жана бийликке болгон ишенимге да түздөн-түз байланыштуу болду. Жолугушууда негизинен эл тарабынан калкты таза суу менен камсыз кылуу, айыл чарба жерлерин сугаруу сот жана укук коргоо органдарындагы адилеттүүлүк туурасында болду. Жарандар мыйзамдын баарына бирдей иштешине, кайрылуулар адилет каралышына өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү. Ошондой эле жер маселеси, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү да көңүл чордонунда болду. Аны менен бирге жарандардын пенсияга байланышкан маселелери, көчүп келген жарандардын документтерин тариздөөнү тездетүү, ири маанилүу курулуштарды куруу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелерди да бар.

Бул маселелердин ар биринде өзүнчө адамдык тагдыр, үй-бүлөнүн түйшүгү жана көп учурда узак убакыттан бери чечилбей келе жаткан көйгөй турары турган иш. Айыл тургуну сууну алыстан ташып ичсе же дыйкан сугат суусуна жетпей түшүмүнөн кол жууса, аймактын экономикалык өнүгүүсү тууралуу ооз толтура айтылган мактанычтар толук сезилбей калары белгилүү. Сугат суу маселеси Баткен үчүн өзгөчө маанилүү, анткени айыл чарбасы калктын кирешесине, азык-түлүк өндүрүшүнө түз таасир берет. Жер маселеси деле ушундай. Турак жай курууга жер алуу, үй-бүлөнүн келечегин пландоо, балдарды туруктуу шартта өстүрүү коомго толук кандуу аралашуу дегенди билдирет. Ал эми көчүп келген жарандардын документтерин мыйзамдуу жолго салуу создугуп кетсе, алардын мамлекеттик кызматтарга, жумушка кирүүсүнүн аркасында күнүмдүк жашоосу кыйындайт. Элдердин арыздарын айтып, укугун коргоо үчүн Президентке кайрылып жатышы, ар бир тийиштүү жетекчилер жарандардын арыздарын кароо механизмдерин жана жергиликтүү деңгээлдеги жоопкерчиликти тереңирээк талдоого чакырык. Албетте, андай кайрылуулар эми объективдүү текшерилип, ар бир иш боюнча мыйзамдуу жана жүйөөлүү чечим кабыл алынышы шарт. Эмнеси болсо да, Президенттин жарандардын ойлорун түз угуп, кызматкерлерге тапшырманы кароону жеринде бергени, көйгөйдү аныктоонун, кала берсе элдин оор жүгүн үстүнөн алгандай болду.

Баткендин келечеги жана өнүгүүсү
Баткен облусунун башка аймактардан өзгөчөлүгү, анын стратегиялык географиялык жайгашуусунда, айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүндө, жаратылыш байлыктарында жана туризм үчүн кызыктуу жайларында турат. Ошол эле учурда чек арага байланышкан сыноолор дагы бул аймактын социалдык-экономикалык абалына туздөн-түз тиешелүү болуп келген. Жолугушууда Президент аймактын коопсуздугуна, мамлекеттик чек ара маселелерине жана инфраструктуралык өнүгүүгө токтолду. “Бүгүн мен сиздерге ишенимдүү түрдө айта алам, эң кыйын күндөр артта калды. Эң башкысы, чек араларыбыз толугу менен такталып, аймактын коопсуздугу камсыздалып, жол, энергетика сыяктуу социалдык эң зарыл маселелер чечилди. Эми биздин алдыбызда облустун экономикасын көтөрүү, элибиздин жашоо-турмуш деңгээлин жакшыртуу маселелери турат” – деди Президент. Президент Баткендин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу керектигин белгилеп, Айгүл-Таш, Кан-и-Гут үңкүрү, Мадыген геопаркы, Кудаяр хандын чеби жана Каравшин тоолору сыяктуу жайлардын туристтик келечегин атап, Баткен өрүгүн болсо аймактын таанымал айыл чарба бренди катары белгиледи. Чынында эле Баткендин ушул багыттарда келечеги кеңири. Бир эле бизге эмес, бүтүндой Борбор Азияга, кала берсе Европага да чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн анын сапатын жогорулатып, ички-тышкы базарларга туруктуу чыгаруу үчүн логистикалык борборлорду, кайра иштетүүчү чакан жана орто ишканаларды куруу керек.

Чынында, өлкөнүн аймактык саясаты көп учурларда республикалык бюджеттен каржылоого байланыштуу болуп калат. Колдон келсе, аймактык бийлик жергиликтүү өндүрүштү жана жеке инвестицияларды көбөйтүүнү өздөрүнүн деңгээлинде деле уюштура билсе. Буга чейин Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлгөнү боюнча маалыматтар жарыяланган. Бирок, жаңы ишкананын ачылышы анын узак мөөнөттүү иштешине кепилдик бербейт. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик салынган обьектелерди санап эле отура бербей, өндүрүштүн иш жүзүндө жүрүшүнө жана түзүлгөн жумуш орундарынын сакталышына да көңүл бурушса. Маселен, салынган жолдордун сапатын, кадрлардын даярдыгы менен бирге продукцияны сатуу мүмкүнчүлүгүн карап дегендей.

Жетишилген ийгиликтер
Президенттин Баткен облусуна болгон иш сапарында аймактарда аткарылган иштердин жыйынтыктары көрсөтүлүп, алдыдагы өнүгүү пландары да талкууланды. Негизги көңүл жолдорду оңдоого, билим берүү жана социалдык объектилерди курууга, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана калкты таза суу менен камсыз кылууга бурулду. Маалыматтарга караганда, Баткен облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында 2021–2026-жылдары Баткен районунда республикалык бюджеттин эсебинен 191 чакырым жолго асфальт төшөлүп, бул иштерге 950 млн сом жумшалган. Лейлек районунда болсо жалпы узундугу 136,5 чакырым жол асфальтталган. Алыскы Зардалы айылынын инфраструктурасын жакшыртуу да маанилүү долбоорлордун бири болгон. Бул жерде электр энергиясы жана интернет байланышы камсыздалып, узундугу 18 чакырымды түзгөн “Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы” автомобиль жолу курулган. Долбоордун жалпы наркы 889,9 млн сомду түзгөн. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча Баткен районунун 11 айыл аймагында суу түтүктөрү тартылып, ага республикалык бюджеттен жана донордук каражаттардан 550 млн сом бөлүнгөн. Сугат суусуна болгон муктаждыкты азайтуу максатында жалпы узундугу 73 чакырым каналдар курулуп, реконструкцияланып, бул иштерге 1 млрд 203 млн 700 миң сом сарпталган.

Билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт тармактарындагы инфраструктураны өнүктүрүү да жакшы жолдо болгон. Баткен районунда жалпы наркы 1 млрд 380 млн сомду түзгөн 69 объект пайдаланууга берилген. Алардын ичинде 12 мектеп, 13 бала бакча, 6 спорт зал, 25 футбол аянтчасы, 6 балдар оюн аянтчасы жана 7 фельдшердик-акушердик пунктары бар. Баткен шаарында 2021–2026-жылдары жалпы суммасы 2 млрд 57 млн сомдук 16 объект курулган. Алардын катарына 3 мектеп, 1 спорт зал, 10 административдик имарат, кубаттуулугу 35 кВт болгон чакан гидротүйүн жана асфальт-бетон заводу кирет.
Лейлек районунда республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, фонддордун жана ишкерлердин каражаттарынын эсебинен 356 объект курулуп, пайдаланууга берилген. Сүлүктү шаарында 2021–2026-жылдары курулуш тармагында 19 долбоор ишке ашырылган. Учурда инвесторлордун каражатынын эсебинен 250 орундуу И. Бектемиров атындагы №8-мектептин жана 384 орундуу Н. Кушматов атындагы №9-мектептин курулушу уланууда.

Аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууда ишкердикти жана өнөр жайды өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Баткен шаарында 2021–2026-жылдары 148 жаңы ишкана ачылып, 686 жумуш орду түзүлгөн. Лейлек районунда ушул мезгил аралыгында 143 ишкана ачылып, 2 124 адам жумуш менен камсыз болгон. Районго тартылган инвестициялардын көлөмү 1 млрд 200 млн сомду түзгөн. Лейлек районунда өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн сомдон 864,6 млн сомго чейин өскөн. 2026-жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 1 млрд 50 млн сомго жеткирүү күтүлүүдө. Облустун өнөр жай тармагында да өсүш байкалган. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдагы 3,9 млрд сомдон 2025-жылы 8,3 млрд сомго жеткен.”100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында 2024-жылы 11, 2025-жылы 13 ишкана пайдаланууга берилген. 2026-жылы дагы 7 өнөр жай объектисин ишке киргизүү пландалган.

Ушул жерден белгилеп айта кете турган болсок, Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттеринин өздүк кирешелери 2020-жылдагы 905 млн сомдон 2026-жылдын тогуз айында 1 млрд 683 млн сомго жеткен. Бул 777 млн сомго көбөйгөнүн билдирет. Ошол эле мезгилде республикалык бюджеттен облуска кошумча 4 млрд 517 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан, 2026-жылдын тогуз айында жергиликтүү бюджеттерди жана аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу 6 млрд 200 млн сомго жакын каражат топтолуп, өздөштүрүлүп жатат. Социалдык колдоо чараларынын алкагында Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда, ошондой эле Сүлүктү шаарында жашаган 23 760 пенсионерге ай сайын 2 000 сомдон компенсациялык төлөм берилүүдө. 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын орточо өлчөмү 12 366 сомду түзгөнү маалымдалды. Мындан тышкары, өзгөчө шарттагы жана алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала үчүн үч жашка чыкканга чейин ай сайын 3 000 сом өлчөмүндө жөлөк пул каралган. Баткен облусунда бул төлөмдү 9 481 адам ала баштаган.

Күнболот Момоконов

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 138
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X