Президент сөз эркиндиги тууралуу пикирин билдирди

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Кыргызстанда жарандар өз оюн эркин билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, бирок мыйзамсыз аракеттерге жана башаламандыкка карата чакырыктарга жол берилбейт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөдө сөз эркиндиги мурдагыдай эле сакталып турат. Жарандар социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында коомдук, социалдык же саясий маселелер боюнча пикирин ачык билдирип келишет.

«Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок», – деди Президент. Анын айтымында, укук коргоо органдары сын айткандыгы же пикир билдиргендиги үчүн жарандарды кармабайт. Бирок өлкөдө башаламандык уюштурууга, конституциялык түзүлүштү бузууга же коомдук тартипке коркунуч жараткан аракеттерге чакырык жасалган учурларда мыйзам чегинде чара көрүлөт. Мындай иштер соттун санкциясы менен жүргүзүлүп, бардык процесс тиешелүү далилдерге таянып ишке ашат. Ошондой эле өзүн журналист же блогер деп атап, мыйзамды бузгандар үчүн жоопкерчилик жалпы тартипте каралат.

Президент жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан, далили жок айыптоолордон жана коомдо кастыкты козуткан билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды. Аны менен катар нааразылык билдирүү укугу сакталганын, бирок коомдук коопсуздук үчүн мындай акцияларды атайын белгиленген жайларда өткөрүү талап кылынарын, бул тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонуларын кошумчалады.

Садыр Жапаров азыркы учурда мамлекеттин коопсуздугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу негизги артыкчылык болуп турганын айтып, бул чаралар жалпы элдин кызыкчылыгын көздөөрүн белгиледи.

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X