Президент Садыр Жапаров: “Ала-Тоо” журналы кайрадан жарык көрө баштады

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 230

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ала-Тоо” адабий журналынын кайрадан жанданып, жарык көрө башташы боюнча билдирүү жасады.

Урматтуу мекендештер!
Элибиздин нарк-насилин жайылтууда, улуттук жазма адабий тилин байытууда өзүнчө бир баа жеткис казынага айланган “Ала-Тоо” журналы кайрадан жанданып, басылып чыгып, анын биринчи саны колума тийди.
Биз өлкөбүздүн каржы жана экономика тармактарын эле алдыга жылдырбастан, маданиятка, анын ичинде адабиятка да көңүл бурууга аракеттенип жатабыз.
Көп жылдар бою токтоп турган адабий журнал өз ишин жандантып, окурман журтчулугун кубандырып турган кези.
Кудай буюрса, элибиздин тарых-таржымалы, тили, улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, салт-санаасы тууралуу кызыктуу макала-материалдарды жарыялоо менен мекендештерибиздин маданиятын, билимин, кругозорун арттырууда зор салым кошот деген үмүттөмүн.
Ошону менен бирге, таланттуу жаштарыбыздын чыгармаларын ай сайын жарыялоо менен аларды коомчулукка кеңири таанытарына бекем ишенем.
Эми «Ала-Тоо» журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат.
Учурдан пайдаланып бул журналга жазылууга чакырып кетмекчимин.
Айына бир жолу чыгат.
“Кыргыз туусу” басма үйүнөн алсаңыздар болот.
“Ала-Тоо” адабий журналынын сапары байсалдуу болсун!
21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 230
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X