Президент Садыр Жапаров: Башкы байлыгыбыз – элибиздин ынтымагы, мамлекетибиздин туруктуулугу

14-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 173

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга жана жалпы кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусу коомдогу бүгүнкү саясий процесстерге карата бийликтин позициясын ачык көрсөткөн билдирүү болду. Мамлекет башчысынын “тынч жаткан элдин башын айланткандарды чекесинен сылабайбыз” деген сөзү катуу угулганы менен анын жалпы кайрылуусунун өзөгүндө өлкөдөгү тынчтыкты, туруктуулукту жана коомдук ынтымакты сактоо чакырыгы турат. Баамыбызда, Президенттин кайрылуусунан эң биринчи байкалган нерсе, бийлик бутактарынын бир багытта иштөөсүнө басым жасалганы. Президент баш болуп, Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети төш болуп, өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жыла турганын белгиледи.

Бул жаңы парламенттик сессия башталган учурда маанилүү саясий сигнал. Анткени, эл депутаттардан бири-бири менен саясий тирешти эмес, өлкөнүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган натыйжалуу ишти күтөт. Президент да муну ачык айтып, элге куру убадаларды эмес, жыйынтык керек экенин баса белгилегени да ошондон. Кайрылуунун дагы бир маанилүү жагы коомдогу пикир келишпестиктерге болгон мамиле. Президент ар кандай пикирдин болушун табигый көрүнүш катары кабыл аларын айтты. Бирок, пикир келишпестик кастыкка, тирешүүгө, ал эми айрым маселелер коомду бөлүп-жаруучу куралга айланбашы керектигин белгиледи. Бул жерде Президенттин негизги кооптонуусу түшүнүктүү, коомдогу ар бир чыңалуу саясий кызыкчылык үчүн пайдаланылып, элдин бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө каршы коюуга айланбашы керектигинде. Айрыкча азыркы маалымат доорунда бул маселе өзгөчө мааниге ээ. Социалдык тармактарда текшерилбеген маалыматтар бир нече мүнөттүн ичинде миңдеген адамдарга тарап кетиши мүмкүн. Жалган маалымат коомдо негизсиз нааразычылыкты, коркунучту же ишенбөөчүлүктү жаратышы ыктымал. Ошондуктан, Президент мамлекеттик жана саясий ишмерлерге, депутаттарга, эксперттерге, журналисттерге жана блогерлерге сөздүн жоопкерчилигин эскертти деп түшүнсөк болот. Ошол эле учурда кайрылууда маанилүү бир жагдай бар. Президент бийликти сындагандардын баарын жалган маалымат таратуучулар катары көрсөткөн жок. Тескерисинче, мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөр боюнча далилденген жана негиздүү фактыларды ачыкка чыгаргандарды колдой турганын айтты. Бул жагынан алып караганда, Президенттин билдирүүсүнүн маңызы “сын болбосун” дегенде эмес, “сын фактыларга негизделсин, коомдук талкуу жоопкерчилик менен жүрсүн” деген талапта жатат. Коррупция боюнча далилдүү маалымат коомдук көзөмөлдүн маанилүү куралы болуп саналат. Ал эми жалган маалыматты атайылап таратып, элдин сезимине таасир берүү жана коомду бөлүп-жаруу таптакыр башка көрүнүш. Президенттин “катуу чаралар көрүлөт” деген эскертүүсү да дал ушул контекстте каралышы керек.

Албетте, мындай сөздөр коомчулукта ар кандай пикир жаратышы мүмкүн. Эркин пикир, сын жана коомдук талкуу демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү бойдон калууга тийиштиги жогоруда биз айткан сөздөрдөн улам түшүнүктүү эле болсо керек. Бирок, эркиндик жоопкерчиликсиздик дегенди билдирбесин да баарыбыз эле жакшы билебиз. Айрыкча коомдук таасири күчтүү адамдар үчүн бул жоопкерчилик дагы жогору.

Тартип болсо, өсүү болот
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан акыркы жылдары экономикалык өсүшкө, инфраструктуралык өнүгүүгө жана эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараларды өткөрүүгө жетишкенин, бул темпти сактап калуу зарылдыгын белгиледи, өз сөзүндө. Мындай шартта ички саясий тирешүүлөрдүн күчөшү өлкөнүн өнүгүү багытына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, коомдук ынтымакты сактоону мамлекеттик өнүгүүнүн маанилүү шарты катары көрсөтүүдө. “Биздин эң чоң байлыгыбыз –өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин ынтымагы жана мамлекетибиздин туруктуулугу”- деди Президент.

Чынында эле экономика өсүшү үчүн биринчи кезекте туруктуулук керек. Инвестиция, ишкердик, жаңы өндүрүштөр, инфраструктуралык долбоорлор мунун баары коомдо тынчтык жана ишеним болгон шартта гана туруктуу өнүгөт.

Демек, Президенттин бүгүнкү кайрылуусун айрым адамдарга карата катуу эскертүү катары кабыл алуу тар түшүнүк болуп калат. Анын артында кеңири саясий максат, коомду бөлүнүүдөн сактоо, мамлекеттик институттардын биргелешип иштөөсүн камсыз кылуу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүү багытын улантуу аракети турат.
Кыргызстанда ар кандай көз караштардын болушу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бийликти сындаган да, колдогон да жарандар болот. Бирок, саясий көз караштардын айырмасы элдин ынтымагына доо кетирбеши керек. Бийлик өз ишине жооп бериши керек, коомдук ишмерлер жана маалымат таратуучулар сөзүнө жоопкер болушу керек, ал эми ар бир жаран өлкөнүн тынчтыгын жана бүтүндүгүн баалашы зарыл. Саясий талаш болушу мүмкүн, пикир келишпестик болушу мүмкүн, сын да болушу керек. Бирок, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы баарынан жогору турушу зарыл.

Күнболот Момоконов

14-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 173
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X