Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы селдин кесепеттерин жоюуну жеке көзөмөлүнө алды
Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы селдин кесепеттерин жоюуну жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 19–22-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун аймактарында катталган сел кырсыгынын кесепеттери тууралуу толук маалымат алып турат. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюу, жабыркаган жарандарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Учурда сел жүргөн аймактарда абалды турукташтыруу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана элге көмөк көрсөтүү иштери Президенттин жеке көзөмөлүндө турат», — деди Аскат Алагозов.