Президент Садыр Жапаров Европа кеңешинин Президенти Антониу Кошта менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Европа кеңешинин Президенти Антониу Кошта менен жолугушту.
Жолугушуунун башында Антониу Кошта Мамлекет башчысын Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы жана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында Бишкек шаарында ШКУ саммитинин ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.
Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” форматында саясий диалогду улантуунун жана “Global Gateway” программасынын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Маектештер санкцияларга байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Батыш жана европалык өнөктөштөр тарабынан Кыргызстанга карата жүргүзүлүп жаткан санкциялык саясатка тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстан Европа Биримдигинин жооптуу расмий өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашып турганына карабастан, мындай чаралар көрүлүп жатканын айтты.
Мамлекет башчысы быйыл Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору операцияларды жүргүзүп келген 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирип, ошондой эле Батыш жана европалык өнөктөштөр менен ачык диалог жүргүзүүгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Экономикалык багытта тараптар конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, анын ичинде Кыргызстандын транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн мультимодалдык коридорлорго кошулуусуна умтулуусун эске алуу менен транспорт тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Антониу Кошта кызматташтыкка жаңы дем берүү максатында Садыр Жапаровду Брюссель шаарына сапар менен келүүгө чакырды.
Мамлекет башчысы чакырууну жылуу кабыл алды.