Президент Садыр Жапаров “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышуу үчүн Астана шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда, Казакстан Республикасына келди.

Астана шаарынын эл аралык аэропортунда Мамлекет башчысын Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.Возможно, это изображение автомобиль и текст

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров эл аралык көп спорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле мелдештер өтө турган спорттук аянтчаларга барат.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X