Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүү) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол койду.

Ошондой эле Мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X