Президент Садыр Жапаров: “Кыргызстан 2030-жылга чейин экономикалык чоң секирик жасайт”

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 313

2026-жылдын 21-октябрында Бишкекте республикалык кеңешме болуп, анда Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 2030-жылдын аягына чейинки өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктарын жарыялап, алдыдагы беш жылга карата өнүгүүнүн негизги багыттарын белгилеп, экономикалык өсүштү элдин бакубаттуулугуна айландыруу милдетин койду. “Учурда биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштадык. Эми алдыбызда мындан да чоң милдет турат. Атап айтканда, жетишилген өсүштү ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун арттырууга багыттоонун, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн узак жылдарга камсыз кылуунун жана келечек муундар үчүн күч-кубаттуу мамлекетти куруунун милдети турат”, — деди Президент. Бул сөздөр экономикалык саясаттын негизги максатын, багытын көрсөтөт. Чынында эле биздеги ар бир өсүш статистикалык көрсөткүчтөр менен эле чектелип, “өткөн жылга салыштырмалуу” деген эски көнүмүш сөздөрду жадыбалдай айта бербей, жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуу, өнүгүү көрсөткүчү мына ошол жарандардын оозу менен айтылыш керек.

Кеңешмеде айтылган негизги максаттардын арасында ИДПнын реалдуу өсүшүн жылына кеминде 8% деңгээлинде сактоо жана түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымын жыл сайын 20%га көбөйтүү бар экенин белгилеп кетели. Ал үчүн Президенттин өнүгүүгө карай алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн, баардык тийиштүү мамлекеттик жетекчилерден тартып, кызматкерлерине чейин билек түрүнүп, белсенип киришүүсү керек.

 

Өзүбүз өндүрүп, өзүбүз сатабыз
Президент сунуштаган негизги багыттардын дагы бири экспортко багытталган сервистик-индустриалдык экономиканы калыптандыруу болду. Анын маңызына келе турган болсок, Кыргызстан чийки затты эле сата бербестен, аны өлкө ичинде өзүбүз эле кайра иштетип, баасы жогору товарларды өндүрүп жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого өтүшүбүз керек дегендик. Президент: “Биз чийки затты жөн эле иштетпестен, аны технологиялар аркылуу кайрадан иштетип, өндүрүш ишканаларын түзүү аркылуу индустриалдаштыруу саясатын жүргүзөбүз. Натыйжада түзүлгөн нарктын басымдуу бөлүгү өлкөбүздө калышы керек”-деди. Кыргызстан көп учурда алтынды руда түрүндө, сүттү чийки түрүндө, жүн-терини иштетилбеген бойдон сатат. Ал турсун талаада калган темир-тезегибизге чейин кытайлар алып, кайра өзүбүзгө саткан баабыздан 10 же 20 эсе кымбат буюм кылып сатып жатканы деле жалган эмес. Ошондуктан, сунушталып жаткан жаңы моделде алтындан зер буюмдарды, сүттөн сыр-йогурт, жүндөн даяр кийим жасап сатуу керектигибиз айтылууда. Бул чынында туура багыт. Башкача айтканда, 1 долларлык чийки заттан 10 долларлык даяр товар жасоо дегендик. Кыргызда муну жоктон, бар кылып” деп коет эмеспизби. Бул багытта тамак-аш, фармацевтика, курулуш материалдары, жеңил өнөр жайы, чакан машина куруу жана минералдык ресурстарды кайра иштетүү тармактарына колдоо көрсөтүүнү да баса белгилеп, айыл чарбасында да ички рынокту камсыз кылуу менен чектелбестен, кыргызстандык продукцияларды чет өлкөлөргө чыгаруу максатын койду.

“Мисалы, биздин сүт азыктарыбыз коңшу өлкөлөрдүн дүкөн текчелеринде да турууга тийиш” — деп билдирди.
Мындай өзгөрүүлөр ишке ашса, Кудай буйруса өлкөдө жаңы өндүрүш ишканалары ачылып, жумуш орундары ар бир аймактарда түзүлүп, жергиликтүү чийки заттын негизинде даяр продукция чыгаруу кеңейиши толук мүмкүн. Бул деген биздин ички керектөөлөрдүн деле бөксөсүн толтурат. 2025-жылы бекитилген Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында ИДПнын жалпы көлөмүн кеминде 30 млрд АКШ долларына жеткирүү, калктын жан башына эсептелген ИДПны 4 500 долларга чейин көбөйтүү жана жумушсуздукту 5%дан ашырбоо сыяктуу максаттар белгиленген. Президент белгилеп айтып жаткан алдыдагы 5 жылдык пландардын артыкчылыктары мына ошол мурдагы стратегиялык максаттарды ишке ашыруунун эле маанилүү бөлүгү десек болот.

Президент экономикалык өсүштүн дагы бир булагы катары туризм жана кызмат көрсөтүүлөрдү жолго салуу багытын белгиледи. Ал үчүн “Ала-Тоо Резорт”, “Байтик Резорт” жана “Чаткал Резорт” долбоорлору, ошондой эле Бишкек, Ош, Манас шаарларында жана Ысык-Көлдө эл аралык иш-чараларды өткөрүү аркылуу туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айландыруубуз керектигин баса белгиледи.

“Биздин негизги максат – заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, мыкты инфратүзүм жана саякатчылардын толук коопсуздугун камсыздоо аркылуу туризмди кирешелүү, жыл бою иштеген тармакка айландыруу”-деди Президент. Мындан тышкары, маалыматтык технологиялар, эл аралык логистика, билим берүү жана медицина кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунда артыкчылыктуу багыттар катары белгиледи.

Инвестиция жана санариптештирүү
Экономикалык максаттарга жетүү үчун инвестиция тартуу керек. “Халба, халба” дей берсек эле оозубуз таттуу болуп кетпегендей эле, инвесторлор үчүн ишенимдүү укуктук чөйрө түзбөсөк, алардын келиши деле кыйынга турат. Президент алдыдагы беш жылда инвестициялардын көлөмүнө караганда, сапатына басым жасаларын айтып, мамлекеттик органдар инвесторлорго бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратпай, долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүшү керектигин белгиледи. Мамлекет башчысы инвестиция тартуу саясаттынын маңызын түшүндүрүп, мамлекеттик кызматкерлерге мындай талап койду: “Бюрократия кылып, аркаңардан ээрчитпестен, эгерде реалдуу инвестор болсо, силер алардын аркасынан чуркашыңар керек”. Бул билдирүү, мамлекеттик органдардын ишкерликке болгон мамилесин түп тамырынан бери өзгөртүү зарылдыгын көрсөтөт. Эгер, уруксат берүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлүп, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу ыкчамдаса, өлкөгө жаңы капитал тартууга шарт түзүлөт.
Президенттин инвестициянын санына эле эмес, анын өлкөгө алып келе турган натыйжасына көңүл буруу зарылдыгын дагы белгиледи. “Кыргызстанга инвестиция салууга кызыккандар абдан көп. Бирок, биз ар бир сунушту тыкыр талдап, аларга прагматикалык мамиле жасап, мамлекет үчүн да, инвестор үчүн да пайдалуу кызматташууга барышыбыз керек”-деди өлкө башчысы. Демек, инвестициялык саясаттын натыйжасы тартылган каражаттын көлөмүнө байланыштуу болбой, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы, технологиялардын келиши, жумуш орундардын түзүлүшү жана өлкөгө пайда алып келиши менен бааланууга тийиш. Инвесторлор үчүн маанилүүсү алардын мыйзамдуу укуктарынын корголушу. Ал үчүн өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү, сот адилеттиги күчтүү болушу шарт. Ошол себептен Президент сот адилеттигине болгон ишенимди күчөтүү зарылдыгын белгилеп, мындай деди: “Мамлекетке болгон ишеним – мыйзамдын күчүнө жана сот адилеттигине болгон ишенимден башталат”. Ошондой эле мамлекет башчысы мыйзам алдындагы теңдик принцибин дагы өзгөчө белгилеп: “Мыйзам алдында эч ким күчтүү да, алсыз да болбошу керек. Мыйзам алдында баары тең болот”-деди.

Бул жерде реформалардын натыйжасы мамлекеттик органдардын иш ыкмалары канчалык өзгөрөрүнөн көз каранды болот. “Мамлекетке болгон ишеним – мыйзамдын күчүнө жана сот адилеттигине болгон ишенимден башталат”-деген Президент эгер, соттук талаштар адилеттүү жана өз убагында чечилип, ишкерлерге мыйзамсыз басым көрсөтүү азайса, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу жогорулашы толук мүмкүн экенине басым жасады. Тескерисинче, мыйзамдарда жазылган алардын кепилдиктери күнүмдүк практикада толук аткарылбаса, инвесторлордун ишенимин бекемдөө кыйын экени турулуу иш. Президент ошол себептен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө да токтолуп, алардын милдети мыйзамдуу ишкердикке тоскоолдук кылуу эмес, аны коргоо болушу керектигин белгилеп, “укук коргоо органдары жеке менчикти жана мыйзамдуу ишкердикти коргогон негизги институттардын бири болууга тийиш. Бул – биздин принципиалдуу позициябыз!”-дегени ишкерлердин укуктарынын корголушуна жана экономикалык ишмердүүлүккө негизсиз кийлигишүүнүн азайышына шарт түзөт.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө санариптик өнүгүүнүн маанисине да токтолуп: “Биз жакынкы беш жылда сапаттуу технологиялык секирик жасап, заманбап санариптик мамлекетти курууга тийишпиз”- деди. Санариптештирүү дагы маанилүү бир стратегиялык багыт болуп саналат. Жасалма интеллектти мамлекеттик башкарууга, билим берүүгө, саламаттык сактоого, айыл чарбасына жана транспортко киргизүү пландалып жатканын айтты. Мамлекет башчысы ошондой эле башкаруу системасын өзгөртүү зарылдыгын да белгилеп өттү: “Мамлекет отчеттордун негизиндеги башкаруудан реалдуу маалыматтардын негизиндеги башкарууга, көйгөйлөр жаралып, ага кечигип чара көрүүдөн аларды алдын ала болжолдоого жана алдын алууга өтүшү керек”-деген ажонун бул айтканы, маанисинде мамлекеттик чечимдерди реалдуу маалыматтарга таянып кабыл алууга, көйгөйлөрдү эрте аныктоого жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталганын байкоого болот. Демек, күчтүү мамлекет кесипкөй мамлекеттик аппаратка таянат. “Начар мыйзамдар жана жакшы чиновниктер менен өлкөнү башкарууга болот. Бирок, чиновниктер начар болсо, анда өлкөнү башкарууга мыкты мыйзамдар да жардам бере албайт” деген Президент, өлкөдөгү башкаруунун сапатын да жогорулатуу артыкчылыктуу багыттардын бири болорун да баса белгиледи.

Башкы орунда үй‑бүлө, билим турат
Президент белгилеген кийинки маанилүү багыттардын бири экономикалык өнүгүүнүн натыйжаларын аймактарга жана үй-бүлөлөргө жеткирүү. Ал ар бир райондо жумуш орундарын түзүү, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө даректүү жардам көрсөтүү жана билим берүү менен саламаттык сактоонун сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Садыр Жапаров
аймактардын өнүгүүсүнүн маанисин мындайча түшүндүрдү: “Элибизде “Ааламга жол айылдан башталат” деген накыл сөз бар. Демек, аймактардын өнүгүүсү – бул өлкөнүн өнүгүүсү”.

Мына ушул багытта, Манас шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айландыруу, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аймактардын бюджеттик ресурстарын чыңдоо пландалууда. Ошондой эле “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруу, Балыкчыны темир жол түйүнү катары өнүктүрүү жана “Макмал” станциясын ички жана эл аралык каттамдарды байланыштырган борборго айландыруу каралганын айтты. Бул долбоорлор транспорттук чыгымдарды азайтып, соода жүгүртүүнү кеңейтүүгө жана жаңы ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө шарт түзүшү мүмкүн. Социалдык саясатта үй-бүлө жана бала мамлекеттин көңүл борборунда болору айтылды. Президент үй-бүлөнүн коомдогу ордуна өзгөчө токтолуп: “Үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот. Ал эми үй-бүлөнүн бакубаттуулугу мамлекеттин ийгилигин аныктаган башкы көрсөткүчтөрдүн бирине айланат”- деп билдирди. Мамлекет башчысы балдардын келечеги тууралуу: “Ар бир бала коопсуз жана бакубат чөйрөдө чоңоюп жетилиши керек. Ал эми ар бир үй-бүлө эртеңки күнүнө ишенимдүү карашы зарыл”- деген так позициясын билдирди. Президент билимдүү калктын өлкө үчүн маанисин белгилеп: “Билимдүү калк өлкөнүн бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизги ресурсу болуп кала берет”-деди. Маданият тармагында 2030-жылга чейин 30 “Маданий Ордо” борборун жана 30 заманбап музыкалык мектепти куруу, жыл сайын кеминде 50 маданият мекемесин капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалып жатканын, бул демилгелер аймактардагы маданий инфраструктураны жакшыртууга жана жаштардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын кошумчалады. Мындан тышкары, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө артыкчылыктуу милдет бойдон каларын айтты. Президент электр тармактарын модернизациялоо, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын көбөйтүү боюнча иштерди белгилеп “Камбар-Ата-1” ГЭСи, “Кара-Кече” ЖЭБи жана чакан жана орто ГЭСтер боюнча долбоорлор каралганын белгилеп өттү.

Президент Садыр Жапаров кеңешмеде белгилегендей, алдыдагы милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги, ишкерлер менен натыйжалуу кызматташтык жана реформалардын үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү маанилүү. Ошондуктан, 2030-жылга чейинки стратегиянын негизги сыноосу, жарыяланган максаттардын канчасы иш жүзүнө ашып, анын натыйжасын жарандар күнүмдүк жашоосунда сезе аларында турат.

Күнболот Момоконов

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 313
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X