Президент Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарына арналган 30 заманбап электробустун ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.
Долбоор Талас шаарынын коомдук транспорт системасын жаңыртуу жана экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда.
Электробустарды үзгүлтүксүз пайдаланууну камсыз кылуу үчүн аларга керектүү кубаттоо станциялары жеткирилди. Аларды орнотуу жана электробустарды токтотуу үчүн
“Талас автобекети” мекемесинин аймагында атайын жайлар даярдалды.
Учурда Талас шаарынын ичинде, ошондой эле шаарга жакын жайгашкан айылдарга жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы каттамдардын схемалары жана жүрүү графиктери иштелип чыгууда.
Жаңы электробустардын ишке кириши коомдук транспорттун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, калкты транспорт менен тейлөөнү жакшыртат жана жүргүнчүлөр үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Долбоор ошондой эле абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана энергияны натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жалпысынан автобус паркын жаңылоо Талас шаарында тургундардын муктаждыктарына жооп берген, заманбап жана ыңгайлуу жүргүнчүлөрдү ташуу системасын түзүүнү, ошондой эле шаардык инфраструктураны жакшыртууну шарттайт.
11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X