Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапар менен барды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, иш сапар менен Түркмөнстанга келди.
Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды.
Садыр Жапаров сапардын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна, ошондой эле КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.
Мындан тышкары, президент бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.