Президент Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин ишин электрондук форматка өткөрүү боюнча ишти күчөтүүнү талап кылды

26-март, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 20

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Самат Насирдиновду кабыл алды. Самат Насирдинов Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2021-жылга карата коюлган артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылы өткөрүлө турган калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктар жөнүндө маалымат берди. Президент Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитети өз ишин санарипке, отчеттуулукту жана маалыматтарды иштеп чыгуу, жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн статистикалык отчеттуулуктун формаларын электрондук форматка өткөрүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

26-март, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X