Президент Садыр Жапаров жаңы кабыл алынган Конституцияга кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 5-майда, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт.

Иш-чарага  мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү — Жогорку Кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн Өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Башталышы саат 10: 00дө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X