Президент Садыр Жапаровдун чек арадагы чыр боюнча кайрылуусу

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 13

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы чырда жаракат алган кыргызстандык 1 адам көз жумду. Учурда абал турукташа элек. Кечке маал эки тараптан тең ок атылган.

Президент Садыр Жапаров жалпы жарандарды сабырдуу болууга чакырды.

«Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам.

Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз.

Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам», — деп кайрылды социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу.

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X