Президент жаңы концепцияны бекитти

Жер – өлкөнүн эң чоң байлыгынын бири. Айрыкча айыл чарбасы менен күн көргөн Кыргызстан үчүн анын ар бир тилкесин туура пайдалануу маанилүү. Бирок жерди сактоо, сууну үнөмдөө, жайыттарды туура пайдалануу жана аймактарды пландуу өнүктүрүү маселелери дагы деле актуалдуу бойдон калып келет. Дегеле адамзатты багып, ушул күнгө жеткирген – жер. Эң кубаттуу өлкөлөр учурда азык-түлүк коопсуздук маселесин алдыңкы планга чыгарууда. Бул багытта Кыргызстанда иштер узак мөөнөттүү программа менен жүргүзүлө турган болду. Президент Садыр Жапаров 16-ноябрда Кыргызстандын жерлерин сарамжалдуу пайдалануу жана мейкиндиктик өнүктүрүү боюнча 2050-жылга чейинки концепцияны бекитти. Документтин негизги максаты өлкөдөгү жер жана суу ресурстарын туура пайдалануу, айыл чарба жерлерин сактоо, азык-түлүк жана суу коопсуздугун камсыз кылуу. Ошондой эле аймактардын өнүгүүсүн ирээтке келтирүү каралган.

ЖЕРДИ САКТОО МААНИЛҮҮ

Кыргызстанда жер маселеси жөн гана айыл чарбага байланыштуу эмес. Бул элдин жашоосу, азык-түлүк өндүрүшү, мал чарбачылыгы жана келечектеги өнүгүү менен түздөн-түз байланышкан маселе. Мисалы, түшүмдүү жерлер башка максаттарга өтө көп берилсе, келечекте айдоо аянттары кыскарышы мүмкүн. Жайыттар туура пайдаланылбаса, чөп азайып, жердин сапаты начарлайт. Сугат суусу ысырап болсо, дыйкандардын түшүмү да төмөндөйт. Ошондуктан жерди бүгүнкү муктаждык үчүн гана эмес, эртеңки күндү да эске алуу менен пайдалануу зарыл. Жаңы концепциянын мааниси да ушунда. Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинети үч айдын ичинде 2027–2030-жылдарга карата алгачкы иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитиши керек. Анда кайсы мамлекеттик орган кандай иш аткарары, ага канча каражат керектиги жана иштер кайсы мөөнөттө бүтөрү так көрсөтүлүүгө тийиш.

Башкача айтканда, концепция кагаз жүзүндө калбашы үчүн ар бир багыт боюнча жооптуу мекемелер жана аткаруу мөөнөттөрү аныкталат. Документти ишке ашыруу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле мыйзамда уруксат берилген башка каражаттардын эсебинен каржыланат. 2050-жылга чейин белгиленген бул концепциянын ийгилиги анын канчалык деңгээлде ишке ашарынан көз каранды. Анткени жерди туура пайдалануу боюнча айтылган максаттар иш жүзүндө көрүнүшү керек. Айыл чарба жерлери сакталабы, жайыттардын абалы жакшырабы, сугат суусу үнөмдүү пайдаланылабы жана аймактар башаламан курулуштардан корголобу мунун баары убакыттын өтүшү менен бааланат.

Сыдыков Аманат, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Аймактар жана жер ресурстары менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башчысы:

-Концепция бизге жаңы эле келип түштү. Бир айга жетпеген убакыттын ичинде бардык министрликтер жерди натыйжалуу пайдалануу боюнча өз сунуштарын даярдап, жалпы иш-чаралар планына киргизишет. Концепцияда жерди сарамжалдуу пайдаланууга байланыштуу бир катар багыттар каралган. Айрыкча айдоо жерлеринин аянтын сактоо маселеси маанилүү. Мисалы, Чүй облусунда айдоо жерлери кыскарып, башка багыттарга которулуп кеткен учурлар бар. Ошондуктан жаңы жерлерди өздөштүрүү маселесин да карашыбыз керек. Биздин министрлик бул багытта стратегиялык сунуштарды киргизет. Айдоо аянттарын кыскартпай, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн каржылык булактарды аныктоо зарыл. Министрликтин эң негизги максаты өлкөдө азык-түлүк өндүрүшүн камсыз кылуу. Дан эгиндерин өстүрүүгө жараксыз жерлерге мөмө-жемиш бактарын отургузуу, түшүмдүүлүгү төмөн жерлерди натыйжалуу пайдалануу маселелери да каралат. Эң башкысы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо чаралары көрүлөт.

Манас Саматов, Айыл чарба инженер-механиги, техника илимдеринин кандидаты:

— Мен айыл чарба адиси катары жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча кеңеш берсем бир эле формула тууралуу айтмакмын. Үй-бүлөңүзгө туруктуу, салмактуу киреше алып келе турган техникалык өсүмдүктөрдү эгип, бак отургузуп, киреше табыңыз. Албетте, мында жердин өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл. Азыр интернеттин заманы. Илимге басым жасаңыз. Баарын эсептеп, пландап иш кылыңыз. Ким иштин көзүн билсе, ал сөзсүз кирешеге чыгат. Кайсы өсүмдүктү кайсы мезгилде себүү керек, аны сактоонун, кароонун жана жетилтүүнүн шарттары кандай болушу зарыл ушунун баары маанилүү. Дыйканчылыкты жакшы билгендерден кеңеш суроо да пайдалуу. Айыл чарбасында тынымсыз өнүгүү болуп жатат.

Андан артта калгандар пайдасыз калышат. Көчөт маселеси жашылдандыруунун бир гана элементи. Эгер бул багытта ийгиликке жетүүнү кааласак, ишти комплекстүү жүргүзүшүбүз керек. Кыргызстандыктар көбүнчө көчөттөрдү базардан сатып алышат. Бирок алардын айрымдары илимий талаптарга жооп бербейт. Көчөттү муздаткычта сактап сатуу зарыл. Анткени ал тирүү организм. Көчөдө тамыры ачык бойдон сатылган көчөттү сатып алсаңыз, ал куурап калышы мүмкүн.

Натыйжада бир жылдык убактыңыз текке кетет. Кийинки жылы кайра көчөт алып келип отургузасыз. Ал дагы куурап калса, дагы бир жыл жоготосуз. Бул өтө чоң убакыт. Көчөттүн эки бөлүгү бар. Тактап айканда тамыры жана калемчеси. Азыр окумуштуулар калемчеден өсүп кете турган, куурап калуу коркунучу аз тамырларды өстүрүүнүн жолдорун ойлоп табышты. Атайын лабораторияларда алынган сапаттуу тамырлардын негизинде тез мөмөгө кире турган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө болот. Жапайы көчөттөр жети жылдан кийин гана мөмө бериши мүмкүн. Ал эми илимий ыкма менен өстүрүлгөн көчөттөр кыйла эрте мөмөгө кирет. Мен дал ушундай сапаттуу көчөттөрдү сатып алууну сунуштайм. Андан тышкары, сорт тандоодо анын кайсы климаттык шартты жактырарын эске алуу зарыл.

Мисалы, Төө-Моюн, Араван, Шамалды-Сай сыяктуу ысык аймактарыбыз бар. Ал жерлердин дыйкандарына гиластын бир сортун сунуштап жатабыз. Ал эми Ысык-Көлгө жана Кадамжай районуна башка сорттор ылайыктуу. Биз 2050-жылы айыл чарбасында жакшы натыйжага жетишебиз десек ушул күндөн тарта максаттуу иштешибиз керек. Бир чарчы метр жерди бош койбой пайдаланышыбыз зарыл.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X