"Эркин-Тоо"

Президент Жогорку Кеңешке Жогорку соттун төрайымы Калиеваны кызматтан четтетүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов парламентке Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотууну сунуштады.
Ал парламенттин бүгүнкү жыйынында Калиеваны кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө президенттин сунушун күн тартибине киргизүүнү сурады.

Буга чейин Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссия Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!