Президенттик шайлоого чейинки баскычтар

Кыргызстанда президенттик шайлоого даярдык уланууда. 2027-жылдын 27-январында өтө турган шайлоого катышуу ниетин билдирип учурда Борбордук шайлоо комиссиясына 11 жаран арыз тапшырган. Ушул күндөрдө алар шайлоочулардын колун топтоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Мыйзамдын талаптарына ылайык, президенттикке талапкер катары катталуу үчүн ар бир жаран кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтошу керек. Мындан тышкары, бир миллион сом өлчөмүндө кайтарымсыз төлөм төлөөгө тийиш. Демек, талапкерликке арыз берүү шайлоого катышууга толук укук бербейт. Ал үчүн мыйзамда белгиленген талаптардын баары аткарылышы зарыл. 14-ноябрга карата жарыяланган маалымат боюнча, 11 талапкердин ичинен азырынча Садыр Жапаров менен Сыймык Жапыкеев гана 30 миңден ашык кол топтоого жетишкен. Калган талапкерлердин көрсөткүчү белгиленген чектен төмөн. Кол топтоо 8-декабрга чейин уланып, бул көрсөткүчтөр албетте өзгөрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин айтымында, талапкерлер шайлоочулардын колун «Түндүк» тиркемеси аркылуу да чогулта алышат. Ал эми калган документтерди тапшыруу жана аларды текшерүү үчүн өзүнчө мөөнөттөр каралган.

«Ар бир талапкер бир миллион сом кайтарымсыз төлөмдөн тышкары, 8-декабрга чейин “Түндүк” тиркемеси аркылуу 30 миңден 60 миңге чейин кол тамга чогултушу керек. Талапкер калган документтерин 13-декабрга чейин тапшырышы зарыл. БШК документтерди 10 күн ичинде текшерет. Президенттикке талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт», ‑ деди Тимур Оторбаев.

Талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Ал 23-декабрдан тартып 2027-жылдын 26-январына чейин уланат. Бул мезгилде талапкерлер шайлоочулар менен жолугушуп, өз программаларын жана өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу сунуштарын тааныштырышат. Ал эми жарандар алардын программалары жана шайлоо алдындагы убадалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Учурдагы даярдык иштеринин негизги баскычы талапкерлердин кол топтоосу жана каттоодон өтүшү болуп турат. Белгилей кетсек, «Түндүк» тиркемеси аркылуу жарандар бир эле учурда бир нече талапкерди колдой алышат. Башкача айтканда, кол тамга калтыруу бир гана талапкер менен чектелбейт. Бардык даярдык этаптары аяктагандан кийин шайлоочулар 27-январда добуш беришет. Ал эми шайлоонун расмий жыйынтыгы добуш берүү күнүнөн тартып 20 күндүн ичинде жарыяланат. Борбордук шайлоо комиссиясы учурда шайлоо өнөктүгүн уюштуруу иштерин улантууда.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X