Президенттикке талапкерлер 30 миң кол топтоп, 1 млн сомдук взнос төлөшү керек

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлер кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтошу керек. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров 24.kg агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми шайлоочулардын колун электрондук түрдө топтоого да уруксат берилет.

Учурда БШК «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жарандар «Түндүк» аркылуу белгилүү бир талапкерди колдоп, электрондук кол кое ала турган программаны иштеп жатат.

БШК төрагасы шайлоо күрөөсүнө байланыштуу да өзгөрүү болгонун белгиледи. Анын айтымында, «күрөө» деген түшүнүк каражаттын кайтарылышын түшүндүргөндүктөн, мыйзамдагы бул түшүнүк эми «взнос» деп өзгөртүлгөн.

Президенттикке талапкер өзүнүн шайлоо фондунан 1 млн сом өлчөмүндө взнос төлөшү керек. Бул каражат талапкер шайлоого катышуудан баш тартса да, шайлоодо жеңилип калса да, атүгүл жеңишке жетсе да кайтарылбайт. Акча мамлекеттик бюджетке түшөт.

 

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X