Президенттикке талапкерлер «Түндүк» аркылуу кеминде 30 миң кол топтошу керек

27-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 152

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт. Каттоодон өтүү үчүн талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колун топтошу керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Кол топтоо алгач ирет электрондук форматта жүргүзүлөт. Шайлоочулар мамлекеттик «Түндүк» порталы аркылуу авторизациядан өтүп, өзү колдогон талапкерге добуш берүүгө макулдугун билдире алат. Талапкер эң көп дегенде 60 миң кол топтоп, кол коюу барактарын 8-декабрга чейин БШКга тапшырышы керек.

Комиссия колдордун аныктыгын 10 күндүн ичинде текшерет. Талапкерлерди каттоо 23-декабрда аяктайт.

Президенттикке талапкер Кыргызстандын жараны, 35 жаштан кем эмес, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпы 15 жылдан кем эмес жашаган болушу керек. Кыргыз тилин билүү деңгээли «Жогорудан орто» деңгээлинен төмөн болбоого тийиш жана тиешелүү сертификат менен ырасталат.

Мындан тышкары, талапкер шайлоо фондунан 10 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөшү зарыл.

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 23-декабрда башталып, 26-январда саат 08:00дө аяктайт.

27-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 152
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X