Президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо тартиби бекитилди

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартибин бекитти.

БШКнын бүгүн, 23-сентябрдагы жыйынында ошондой эле «Кол чогултуу» автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобо кабыл алынды.

Жаңы тартипке ылайык, шайлоочулардын колдору электрондук форматта «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу чогултулат. Шайлоочунун инсандыгы электрондук түрдө ырасталгандан кийин ал өзү тандаган талапкерди колдой турганын билдире алат.

Колдоо көрсөтүлгөн күн жана убакыт, ошондой эле тиешелүү маалыматтар маалыматтык тутумда автоматтык түрдө катталат.

БШКнын маалыматына караганда, электрондук формат кол чогултуу жана эсепке алуу процессин автоматташтырууга, кагаз документ жүгүртүүнү азайтууга жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө шарт түзөт.

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X