ПРЕЗИДЕНТТИН 5 ЖЫЛЫ ЖЕ “ЖАҢЫ ДООРДУН” БАШТАЛЫШЫ

Өткөн аптанын соңунда Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Кыргызстандын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча республикалык кеңешме өтүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы максаттар туурасында сөз болду. Бул жыйын кадимки отчёт эмес, соңку беш жылдагы өзгөрүүлөрдү таразалап, жаңы баскычка өтүүнү шарттаган саясий белги катары бааланды.

Акыркы жылдары мамлекеттик башкарууну калыбына келтирүү башкы милдет болсо, кийинки этапта экономикалык моделди терең өзгөртүү стратегиялык артыкчылыкка айланды. Президент белгилегендей, 2021–2025-жылдар өлкөнү жөн гана турукташтыруу эмес, сапаттуу өнүгүүнүн пайдубалын түптөгөн мезгил болду. Финансылык тартип чыңдалып, бюджеттик башкаруу системалаштырылып, макроэкономикалык туруктуулук сакталды.

2020-жылы ИДП 8,3 млрд доллар болсо, 2025-жылы 22,6 млрд доллардан ашкан. Беш жыл ичинде салык кирешелери 4 эсеге, бажы төлөмдөрү 6 эсеге, консолидацияланган бюджет 3,5 эсеге өскөн.

Орточо жылдык реалдуу өсүш 10,2%ды түзүп, эл аралык резервдер 10 млрд доллардан ашып, ИДП өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирип, суверендүү кредиттик рейтинги «B+» деңгээлине жеткен. Бул макроэкономикалык туруктуулуктун жана финансылык тартиптин натыйжасы катары бааланууда.

Экономикалык көз карандысыздыкты бекемдеген тарыхый кадамдардын бири –бул “Кумтөр Голд Компани” толугу менен мамлекетке кайтарылышы болду. 2021–2025-жылдары “Кумтөрдүн” өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 миллиард 115 миллион долларды же 440 миллиард сомдон ашык каражатты түздү. Бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 миллиард 176 миллион доллар же 100 миллиард сомдон ашык акча каражаты түшкөн. Бул кадам улуттук ресурстарды мамлекеттик кызыкчылыкка багыттоонун символуна айланды.

Ошондой эле Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселесинин толук такталышы улуттук коопсуздукту бекемдеп, аймактык туруктуулуктун жаңы шартын түзгөндүгүн, Куралдуу күчтөр модернизацияланып, материалдык-техникалык базалар жаңыланып, аскер кызматкерлеринин айлык акылары 3 эсеге көбөйгөн.

Беш жыл ичинде 936 социалдык объект курулуп, миңдеген чакырым жолдор салынып, аэропорттор модернизацияланып, пенсиялык төлөмдөр 50 млрд сомдон 105 млрд сомго чейин өсүш көрсөтүп, 9250 үй-бүлө ипотекалык турак жай менен камсыз болгон.

Өлкөнүн геоэкономикалык ролун өзгөртө турган “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу курулуп жаткандыгы, энергетикалык тармакта “Камбар-Ата-1” ГЭСи эң ири долбоор катары ишке ашырылып, Токтогул ГЭСи модернизацияланып, туризм тармагында “Ала-Тоо Резорт” сыяктуу ири долбоорлор башталганын Президент өз сөзүндө белгилеп өттү.

Бул натыйжалуу ийгиликтер өлкөнүн экономикалык өз алдынчалыгын бекемдөөгө өбөлгө түздү. Экономиканын реалдуу секторуна басым жасоо, импортко көз карандылыкты азайтуунун жана улуттук өндүрүштү көтөрүүнүн негизги шарты болду десек аша чапкан болбойбуз.

Бул беш жылдыкты талдоодо бир маанилүү жыйынтык чыгарсак болот. Өлкө институционалдык калыбына келтирүүдөн системалык өнүгүүгө өттү. Алдыдагы милдеттер, болуп жаткан жана алдыда боло турган ийгиликтерди сактоо эмес, аларды сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу тургандыгы өлкө башчысы тарабынан баса белгиленди.

“2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кирүүгө жана адамзаттык өнүгүү индекси боюнча позициябызды 10 пунктка жогорулатууга ниеттенип жатабыз» — деди Президент.

Ооба, экономикалык, инвестициялык жагымдуулукту арттыруу, өндүрүштү тереңдетүү жана адам капиталын өнүктүрүү мындан аркы багыттардын өзөгү болуп калуусу шарт. Кыскасы, Кыргызстан үчүн жаңы доор башталганын баса белгилеп кетишибиз керек. Бул доор декларациялар менен эмес, тартип, жоопкерчилик жана биргелешкен аракет менен өлчөнөт деп ишенип туралы. Өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү мамлекеттик саясаттын туруктуулугуна жана коомдун ишенимине түздөн-түз байланыштуу. Дал ушул факторлор келечектеги ийгиликтин негизин аныктайт.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X