Президенттин басма сөз катчысы депутат С.Ибраевди мамлекет башчысынын атынан комментарий бербөөгө чакырды

1-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 20

 Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин  жергиликтүү программалардын бирине «Орусиялык эксперт Владимир Фролов президент Садыр Жапаров менен жолукккан. Президент аны текшерип, ага ынангандан кийин колдоо көрсөтүп жатат «, — деп айткан сөзүнө карата Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысынын атынан комментарий бербөөгө чакырды.

«Биз айрым депутаттарды президенттин атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырабыз. Бул үчүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы бар», — деди Эрбол Султанбаев.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X