Президенттин божомолдорго эмес, фактыларга таянган ачык көз карашы

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 207

Мурда, коомчулукта көп жылдар бою “Президент элге жакын болуп, элдин үнүн угушу керек” деген талап айтылып келген. Бүгүн бул талап иш жүзүндө көрүнүп жатат. Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү орчундуу маселелер боюнча өз позициясын ачык билдирип, коомчулукта жаралган суроолорго өз убагында жооп берип, мамлекеттик саясаттын максатын элге түз түшүндүрүп келет. Бул бийлик менен элдин ортосундагы ачык диалогдун жана жоопкерчиликтүү башкаруунун көрүнүшү. Жакында мамлекет башчысы жер саясаты, инвестиция, энергетика, темир жол жана туризм сыяктуу өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү багыттар боюнча кеңири кайрылуу жасап, коомчулукта айтылып жаткан ар кандай божомолдорго фактылар менен жооп берди.

Ар бир мамлекеттин тарыхында чечүүчү мезгилдер болот. Андай учурларда куру сөз менен иштин, жеке кызыкчылык менен мамлекеттик кызыкчылыктын, популизм менен жоопкерчиликтин айырмасы даана көрүнөт. Кыргызстан дал ушундай бурулуш учурду баштан кечирип жатат. Акыркы күндөрү “Кыргызстандын жери сатылып жатат”, “чет элдиктерге берилип жатат” деген сыяктуу курулай билдирүүлөр коомдук тармактарда атайылап күчөтүлгөндөй түр калтырат. Бирок, Президент бул дооматтардын ар бирине так жооп берип, “Кыргызстандын бир сантиметр дагы жери сатылбайт жана башка мамлекетке өтпөйт”-деп кесе айтты. Сатылмак турсун, акыркы жылдары мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен миңдеген гектар жер кайра мамлекетке кайтарылганын көрүп жатабыз. Бир кезде жеке кызыкчылык үчүн бөлүнүп кеткен жерлер, бүгүн кайра элдин энчисине кайтып жатат. Бул деген бийликтин жерди таратып жатканы эмес, тескерисинче, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүп жатканынын белгиси.

Президент өз билдирүүсүндө дагы бир маанилүү ойду айтты. Мыйзамды сактап, алган милдеттенмесин аткарган инвесторлорго Кыргызстан ар дайым ачык болушу керек деген. Себеби, бүгүн дүйнөлүк атаандаштык шартында капиталды, технологияны жана өндүрүштү тарта алган мамлекеттер гана туруктуу өнүгүүгө жетише алат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн эң башкы маселе саясий ызы-чуудан утуш издөө эмес, экономикалык өсүштү камсыз кылган ири долбоорлорду ишке ашыруу. Коомчулук ар бир маалыматты эмоция менен эмес, фактыларга таянып талдап, мамлекеттин келечегине кызмат кыла турган демилгелерди колдоого үйрөнүү керек.

Эми ушул жерде ар бирибиз өзүбүзгө суроо беришибиз керек. Жылдап бош жаткан жер кимге кызмат кылды? Ал жерде завод курулдубу? Фабрика иштедиби? Жаштар жумуш менен камсыз болдубу? Айылдардын бюджети көбөйдүбү? Тилекке каршы, жооп белгилүү. Көп учурларда андай жерлер жөн гана алып-сатарлыктын объектисине айланган. Айрымдар 49 жылга ижарага алып, эч нерсе курбастан, пайдалануу укугун башкаларга сатып же башка максаттарга колдонуп келишкен. Натыйжада мамлекет дагы, эл дагы утулган.

Эгер ошол жерлерде өндүрүш ишканалары курулганда миңдеген үй-бүлө жумуш менен камсыз болмок. Логистикалык борборлор ачылганда ишкерлердин мүмкүнчүлүгү кеңеймек. Туристтик комплекстер салынганда бүтүндөй аймактардын экономикасы өзгөрмөк. Электр станциялары курулганда өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу бекемделмек. Жер мамлекетке да, элге да пайда алып келиши керек.

Инвестициядан качкан өлкө, өнүгүүдөн четте калат

Дүйнөлүк экономика атаандаштык мыйзамдары менен жашайт. Капитал өзүн коопсуз сезген, мыйзам үстөмдүк кылган, саясий туруктуулук сакталып, мамлекет инвестордун укугун коргоого кепилдик берген өлкөгө гана агылат. Демек, инвестицияны тартуу бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттин экономикалык өсүшүнүн башкы шарттарынын бири. Ага аяр мамиле керек.

Айрымдар инвестицияны жер сатуу же улуттук кызыкчылыкка каршы аракет катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок, бул түшүнүк туура эмес. Инвесторго мыйзам чегинде шарт түзүп берүү өлкөнүн экономикасын бекемдөө, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана элдин жашоо деңгээлин көтөрүү дегенди билдирет. Анткени, ар бир курулган завод жүздөгөн, кээде миңдеген жаңы жумуш орундарын түзсө, ар бир ишке кирген фабрика мамлекеттик бюджетке салыктарды түшүрүп, жергиликтүү экономиканын жанданышын жана чакан бизнестин өнүгүшүн камсыздайт. Алардын арты менен келген жаңы технологиялар адистер үчүн тажрыйба, билим жана заманбап өндүрүштү өздөштүрүү дегендик. Дал ушул жол аркылуу бүгүнкү өнүккөн мамлекеттер кубаттуу экономиканы калыптандырып, жарандарынын бакубат жашоосуна жетишип келет.

Президент Садыр Жапаров да өз кайрылуусунда ушул ойду өзгөчө баса белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан мыйзамды сыйлаган, капитал салып, өндүрүш куруп, жумуш орундарын түзгөн ар бир инвесторго ачык. Бирок, бул ачык саясат жоопкерчилик менен коштолорун белгиледи. Инвестор алган милдеттенмесин өз убагында аткарууга тийиш. Эгер келишимдеги талаптар аткарылбаса, курулуш жүргүзүлбөсө же жер максатсыз пайдаланылса, ал жер мамлекетке кайтарылып, аны чындап иш алып бара турган инвесторго берүү механизми колдонулат. Дал ушундай принцип гана мамлекеттик кызыкчылыкты коргойт.Кыргыз Темир Жолу» закупит 150 полувагонов за 525 млн сомов — Tazabek

Темир жол – кылымдык мүмкүнчүлүк

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу тууралуу да ар кандай пикирлер айтылып келет. Бирок, бул долбоорго күнүмдүк саясаттын эмес, өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыгынын көз карашы менен баа берүүбүз зарыл деп ойлойм. Азыркы учурда өлкөбүз деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, жүк ташууда кошуна мамлекеттердин транспорттук каттамдарына көз каранды. Жаңы темир жол Кыргызстанды Чыгыш менен Батышын байланыштырган маанилүү транзиттик коридорго айлантып, эл аралык соода агымына түз аралашууга жол ачат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде эң ири темир жол түйүндөрү Казакстан жана Өзбекстан аркылуу өтөт, ал эми Кыргызстан менен Тажикстан өз жолдорун эл аралык коридорлорго жаңыдан интеграциялоодо. Мисалы, Казакстанда темир жол 16 000 чакырымдан ашып, Кытайдан Европага жана Орусиядан Борбор Азия менен Жакынкы Чыгышка кеткен жүктөрдүн басымдуу бөлүгү ушул жол аркылуу өтөт. Ал эми Өзбекстанда болсо темир жол 7400 чакырымдан ашып, аймактагы бардык коңшулары менен темир жол аркылуу түз байланышы бар. Кыргызстанда болсо болгону 424,6 чакырымдыктагы темир жол байланышы бар. Жаңыдан курулуп жаткан “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун узундугу болжол менен 450–530 чакырымды түзөт. Анын ичинен негизги бөлүгү — Кыргызстандын аймагы аркылуу өтө турган тилкеси — 304 чакырымдан 311 чакырымга чейинки аралыкты камтып, темир жол  Кашкардан (Кытай) Жалал-Абад аркылуу Анжиянга (Өзбекстан) чейин созулат.

Эске салсак, мындай долбоорлор дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө экономиканын өсүшүнө күчтүү түрткү берген. Ошондуктан, мындай долбоорлорду саясий талаштын эмес, улуттук өнүгүүнүн жана келечек муундардын кызыкчылыгында кароо маанилүү.

Энергетика – экономиканын күрөө тамыры

Суу ресурстары мол Кыргызстан үчүн электр энергиясын сырттан сатып алуу табигый мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланылбай жатканын көрсөтөт. Маселени жашырбай ачык көтөрүү жана аны чечүүнүн конкреттүү жолдорун ишке ашыруу  мамлекеттик башкарууда маанилүү кадам. Акыркы жылдары өлкөдө ондогон чакан жана орто гидроэлектростанциялар ишке берилди, дагы элүүгө жакын ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоорлор электр энергиясынын ички өндүрүшүн көбөйтүп эле койбостон, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга, аймактарды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда.

Энергетикага салынган ар бир инвестиция – бул деген келечекке салынган инвестиция. Анткени, туруктуу электр энергиясы өнөр жайдын өсүшүнө, ишкерликтин өнүгүшүнө жана калктын жашоо сапатынын жакшырышына түздөн-түз таасир этет. Эң башкысы, кыш мезгилиндеги энергия тартыштыгын азайтып, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө кызмат кылат.  Бүгүн курулуп жаткан ГЭСтер  эртең жарыгы өчпөгөн, өндүрүшү үзгүлтүксүз иштеген жана өз ресурсуна таянган күчтүү Кыргызстандын пайдубалы. Тезек терген заманды эски күндөр катары эстеп, күлүп коелу десек, анда энергетикалык кубаттуулукка жетишибиз керек.

Туризм – түгөнбөгөн байлык

Кыргызстандын эң чоң байлыгы — анын кайталангыс жаратылышы. Алтындын, көмүрдүн жана башка кен байлыктардын запасы бир күнү түгөнөт. Ал эми туризм туура саясат, сапаттуу тейлөө жана заманбап инфраструктура менен өнүктүрүлсө, өлкөгө үзгүлтүксүз киреше алып келе турган стратегиялык тармакка айланат.

Акыркы жылдары чет элдиктердин Кыргызстанга болгон туризм багытындагы кызыгуусу кыйла өстү. Расмий маалыматтарга таянсак 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 10 миллиондон ашык турист келген. Быйыл бул көрсөткүч дагы болжол менен 10%га өсөт деп күтүлүүдө.  Кышкы туризм дагы жакшы жолго коюлуп 2025-жылы башкасын айтпаганда да Караколго жалпы 264 миң 859 турист келген. Ар бир келген турист  мейманкана үчүн киреше, чакан ишкер үчүн кардар, таксист үчүн жумуш, дыйкан үчүн рынок, ал эми кол өнөрчү үчүн өз эмгегин дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүк. Ошондуктан, туризм бир эле эс алуу үчүн түзүлгөн шарт эмес, миңдеген адамдарды жумуш орун менен камсыз кылууга, жүздөгөн кесиптин өнүгүшүнө дем берген экономикалык күч.

Кыскасы, Президенттин кайрылуусундагы эң негизги ойдун айланасында биз дагы оюбузду айттык. Бүгүн Кыргызстанга куру ураалаган жалындуу сөздөр эмес, күчтүү экономика керек. Элди бөлгөн талаш эмес, элди жумуш менен камсыз кылган заводдор керек. Бекер жаткан жер эмес, өндүрүш иштеген аймактар керек. Көз карандылык эмес, энергетикалык коопсуздук керек. Туюк абал эмес, дүйнөгө чыккан темир жол керек. Ошол…

Күнболот Момоконов

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X