“ПРЕЗИДЕНТТИН ЧЕЧИМИ НАРИСТЕЛЕРГЕ ЧОҢ КОЛДОО”
Жакында Президент Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен ишке ашуу мезгилинде турган “Бала ырысы” жөлөк пулу коомчулуктун калың катмары тарабынан жылуу маанайда кабылданууда. Айрым эксперттер да “Бала ырысы” жөлөк пулу – бул дискриминацияны четтетүүгө жана балдардын жашаган жерине карабастан социалдык колдоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган абдан жакшы демилге экенин байма-бай билдиришүүдө. Өлкө башчысы Садыр Жапаров өзү да “Адамдын эң негизги физикалык жана акыл-эс жөндөмдөрү жашоосунун дал ушул алгачкы жылдарында калыптанат жана ал өмүр бою сакталып калат. Мен бир да бала көңүл сыртында калбаган Кыргызстанды куруп жатам. Биз жасап жаткан иштердин баары балдарыбыз жана Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн” – деп баса белгилегени бар. Бул жааттагы “тоңгон музду ээриткен” Президенттин мындай кадамы тууралуу айрым эл өкүлдөрүнүн пикирин уктук…
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов: “Абдан маанилүү социалдык демилге”
— “Бала ырысы” жөлөк пулу — бул абдан маанилүү социалдык демилге. Президенттин бул чечимин ушул күндөрү карапайым эл жакшы кабыл алып, кубанганы байкалды. Анткени, баланын жашоосунун алгачкы жылдары анын ден соолугунун, акыл-эсинин жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүнүн калыптанышында чечүүчү ролду ойнойт. Аз болсо да жардам болот. Президент Садыр Жапаров көтөрүп чыккан бул демилге дал ошол мезгилде балдарды колдоого багытталган. Бул жөлөк пул аркылуу мамлекет балдардын жашаган жерине, ата-энесинин социалдык абалына карабай, баарына бирдей колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Мындай кадам социалдык теңсиздикти азайтууга, үй-бүлөлөргө жеңилдик берүүгө жана балдардын сапаттуу өсүп-өнүгүшүнө шарт түзөт. Менимче, “Бала ырысы” — бул жөн гана жөлөк пул эмес, бул Кыргызстандагы балдардын келечегине салынган инвестиция. Ошондуктан, бул демилге коом тарабынан колдоого алынып, мындан ары дагы натыйжалуу ишке ашырылышы керек. Экономикабыз бакубат болгондо мындан да суммасы көбөйөт деп үмүт арталы.
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова: “Керектүү убакта берилген жөлөк пул болду”
— Жөлөк пулдун бул түрү абдан керектүү убакта Өлкө башчыбыз тарабынан демилгеленгени жакшы жышаан болду. Президенттин бул чечимин карапайым калкыбыз, өзгөчө жаш үй-бүлөлөр кубануу менен кабыл алып жатышат. Жаш наристелердин ден соолугу, керектүү витаминдер менен камсыз болушу жагынан жөлөк пулдун бул түрү кандайдыр бир деңгээлде тыгынчык болуп, материалдык жактан жаштарга жакшы болду. Президенттин мындай кадамы жаш үй-бүлөлөргө жеңилдик болуп, теңсиздикти азайтууга кадимкидей салым кошот. Мамлекетибиз бүгүнкүдөй ыргак менен өнүгүү жолунда кете берсе, анда жакынкы жылдары жөлөк пулдун бул түрүнүн көлөмү да көбөйөрү турган иш. Өлкөбүздө тынчтык болсо бардык жакшы иштерге карай жолубуз ачылат.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев: “Бул чыныгы социалдык адилеттүүлүк”
— Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкөдө социалдык коргоо тармагында болуп көрбөгөндөй реформалар жүрүүдө. Алардын ичинен коомчулуктун өзгөчө колдоосуна ээ болуп, сиздер атагандай “тоңгон музду ээриткен” тарыхый кадам катары “Бала ырысы” жөлөк пулун айтсак болот. Буга чейин жөлөк пулдарды чегерүүдө “даректүүлүк” деген принцип колдонулуп, үй-бүлөнүн кирешесин эсептөөдө көптөгөн катачылыктар кетчү. Мисалы, эски унаасы же короодогу жалгыз ую үчүн наристелер мамлекеттик колдоодон куру калчу. “Бала ырысы” бул жасалма тоскоолдуктарды талкалап, балдарды социалдык абалына же жашаган жерине карап бөлбөстөн, бардык наристелерге бирдей укук берди. Бул — чыныгы социалдык адилеттүүлүк. Илимий далилдерге таянсак, адам баласынын мээсинин 80-90%ы дал ушул алгачкы 3 жыл ичинде калыптанат. Садыр Нургожоевич белгилегендей, инсандын интеллектуалдык жана физикалык потенциалынын пайдубалы дал ушул наристе куракта түптөлөт жана ал бүтүндөй өмүрүнө таасирин тийгизет.
Биз бүгүн бюджеттик сандарды гана эсептебестен, эртеңки күчтүү мамлекеттин жана сергек коомдун негизин түптөп жатканыбызды терең түшүнүшүбүз керек. Бул долбоор бюрократияны азайтып, санариптештирүүнү тездетти. Энелер маалымкат топтоп, босого аттабай, мамлекет өзү жардамга келип жатканы бийлик менен элдин ортосундагы ишенимди бекемдеген көрүнүш. “Бала ырысы” — бул жөн эле каржылык төлөм эмес, бул Кыргызстандын ар бир наристеси мамлекеттин коргоосунда экенинин кепилдиги. Биз Президенттин мындай демилгелерин мыйзамдык деңгээлде колдоп, анын туруктуу иштешине көмөктөшүүбүз зарыл.
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков: “Баланын келечеги үчүн жасалган ак дилдүү аракет”
— Соңку убакта Мамлекет башчы тарабынан балдардын келечегине өзгөчө көңүл бурулуп жатканы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынууда. Анткени, ар бир бала — мамлекеттин, элдин эртеңки келечеги, ар бир наристе — өлкөбүздүн үмүтү. Бул демилге Баш мыйзамда белгиленген негизги принциптерге толук шайкеш келет. Эл ичинде “Бала — бакыт, бала — ырыс” деген терең маанилүү сөз бар. Чындыгында, баланын күлкүсү үйгө береке, коомго жарык маанай тартуулайт. Ошондуктан, мамлекет тарабынан балдарды колдоо, алардын ден соолугуна, билимине жана тарбиясына кам көрүү — бул абдан туура жана өз убагындагы чечим болуп саналат. “Бала ырысы” жөлөк пулу дал ушул максатты көздөйт. Бул демилге жаш үй-бүлөлөргө колдоо болуп, ата-энелерге балдарын жакшы шартта өстүрүүгө жардам берет. Айрыкча ыйык Рамазан айында жакшы иштерди баштоо өзгөчө мааниге ээ. Эл арасында айтылып жүргөн “Жакшы ниет — жарым ырыс” демекчи, Мамлекет башчыбыздын ар бир балага көңүл буруу, алардын келечегин камсыз кылуу тууралуу ниети — бул элдин келечеги үчүн жасалып жаткан ак дил аракеттердин бири. Мындай жакшы демилгелер коомдо боорукерликти, ынтымакты жана жоопкерчиликти күчөтөт.
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов: “Социалдык саясаттагы маанилүү кадам болду”
— Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич тарабынан демилгеленген “Бала ырысы” жөлөк пулун толугу менен кош-колдоп колдойм. Мындай аракет биздин социалдык саясаттагы эң маанилүү чоң кадамдардын бири десем болот. Бул аракет айрыкча аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн кандайдыр бир деңгээлде мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Буга чейин “балдар биздин келечегибиз” – деп ооз жүзүндө гана кооз сүйлөп чектелип келгенбиз. Учурда бул сөз реалдуу кадам болуп, иш жүзүнө ашканы турат. “Бала ырысы” жөлөк пулунун келечеги кең. Алдыңкы жылдары өлкөбүз бүгүнкүдөй ыргакта экономикалык жактан секирик жасап кете берсе мунун көлөмү чоң суммага айланарын бөркүмдөй көрөм. Жөлөк пулдун башталышынын өзү жакшы жышаан.
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков: “Социалдык тең салмактуулукту камсыздайт”
— “Бала ырысы” жөлөк пулу ириде жөн гана социалдык төлөм эмес экенин түшүнүшүбүз керек. Баланын алгачкы жылдарында туура тамактануусу, ден соолук жана өнүгүүсү үчүн шарт түзүлүүсү келечектеги күчтүү коомду калыптандыруунун негизи болуп саналат. Президент Садыр Жапаров көтөргөн бул демилгенин маанилүү жагы балдарды жашаган жерине, социалдык абалына карабастан колдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталганында экенин баса белгилеп кетким келет. Мындай кадам социалдык теңсиздикти азайтып, ар бир балага бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө жардам берет. Мамлекеттин балдарга кам көрүүсү келечекте өлкөнүн интеллектуалдык жана экономикалык потенциалына түздөн-түз салым болот деп эсептейм.
Калыгул Бейшекеев