ПРЕЗИДЕНТТИН ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БААРЛАШУУСУ МАКСАТЫНА ЖЕТТИБИ?

Президент Садыр Жапаров 11-мартта парламенттин жыйынында Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда өлкөдөгү коомдук биримдик, кадр саясаты, билим берүүнү өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана жемкорлукка каршы күрөшүү маселелерине токтолду. Өзгөчө жакында парламентте айрым депутаттар тарабынан “тигил тарап, бул тарап” деп бөлүп-жарууга аракет кылышканын эске салган Өлкө башчысы “биз убагында мындай бөлүп-жаруучулукту токтотуп калдык. Элдин элегинен өтүп, шайланып келген эл өкүлдөрү сиздер ушинтип турса ңыздар, карапайым эл каякка барат? Ошондуктан, мындан ары андай терс иштерди жасабайлы. Мындай бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат” — деп баса белгиледи. Мамлекеттик башкарууну, анын ичинде парламенттин ишин санариптештирүүнү тездетүү зарылдыгын билдирген Өлкө башчынын парламентке келип, эл өкүлдөрү менен учурдагы актуалдуу маселелерди ачык маанайда баарлашуусу тууралуу айрым депутаттардын пикирин тыңдап көрдүк.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев: “Президенттин кадамы кызуу колдоого алынууда…”

— Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин Жогорку Ке ңешке келип өлкөдөгү аткарылып жаткан иштер жана келечек пландар боюнча сүйлөп, депутаттардын суроолоруна жооп бергени абдан жакшы көрүнүш. Мамлекет башчысынын бул кадамы коомчулукта, айрыкча интернеттеги социалдык тармактарда да жагымдуу мүнөз менен колдоого алынууда. Өлкө башчыбыз менен мындай форматтагы жолугушуулар бат-баттан болуп турса, коомчулук үчүн да маанилүү болмок. Негизи эле Садыр Нургожоевич айткандай баарыбыздын көздөгөнүбүз – Кыргызстандын кызыкчылыгы, жаркын келечеги болушу керек. Бийликтин үч бутагы биргеликте, ынтымакта иш алып бара турган болсо, дагы да көптөгөн ийгиликтерди багындырабыз деп ойлоймун.

Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков: “Элдин көйгөйлөрүн чечкенге жакшы аянтча болду”

— Өлкө башчысынын бул кадамы албетте, абдан жакшы көрүнүш. Мындай аракетти мезгил-мезгили менен кылып, өлкөдөгү айрым бүтпөй жаткан иштерди Президентке түзмө-түз айтып, карапайым калктын көйгөйлөрүн чечкенге жакшы аянтча болот экен. Мындай шартта парламент менен өкмөт куштун эки канатындай болуп тыгыз, эриш-аркак иштешсе – ири алды өлкөбүз үчүн утуш гана болмок. Эл өкүлдүк вазыйпабыз элдин көйгөйү менен суранычтарын бийликке жеткизүү болгон со ң, кечегидей Өлкө башчы менен болгон жолугушуу ишибизге да о ң таасирин тийгизмек. Аныгында бийлик бутактары менен биздин ортобузда дал ушундай талкуулар, ачык баарлашуулар болуп турса – бийликтин 3 бутагы, а э ң башкысы элибиз үчүн пайда гана болмок.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков: “Президенттин элге жакындыгынын белгиси кашкайып көрүндү”

— Абдан жакшы саамалык болду. Өлкө башчыбыздын парламентке келип, эл өкүлдөрү менен биргелешип, чогуу иш алып барууга үндөгөнү жана ачык баарлашууга жол ачканы – анын элге жакындыгынын анык белгиси дээр элем. Президент мындан ары парламент менен чогуу иш алып барып, өкмөт тараптан келген мыйзамдарды биргелешип о ңдоп-түзөп, кем-карчтарын толуктап, мыйзамдардын сапатына кө ңүл буруу боюнча билдирүүлөрү Өлкө башчы менен эл өкүлдөрүнүн ортосундагы биргелешип иш алып барууга болгон ынтызарлыктын белгиси деп ойлойм. Эл өкүлдөрү парламентке келген Өлкө башчысына коомчулуктагы көйгөйлүү маселелерди ачык айтышып, суроо-жооптор жандуу маанайда өткөнүнүн өзү Президенттин элге жакындыгынын белгиси дээр элем.

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Ахмедова: “Садыр Жапаров эң туура саясат жүргүзүүдө”

— Өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич өзү парламентке келип, биздин кесиптештер менен ачык, жандуу маанайда баарлашканы бир эседен күтүүсүз болсо, экинчи жагынан өзгөчө кубаттоого арзыйт. Өлкөбүздө азыр кандай гана иштер болуп жатат. Көрүп көз кубанып, кө ңүл сүйүнөт. Мындай иштердин башында турган Президент Садыр Нургожоевичке абдан ыраазыбыз. Эл өкүлү катары карапайым шайлоочуларым менен жолугушканда деле алардын Садыр Нургожоевичке ыраазычылыгы билинип турат. Биз Президентти дайым колдойбуз жана анын жүргүзүп жаткан саясаты менен толук кандуу макулбуз. Анткени, Өлкө башчыбыз азыркы учурда э ң туура саясатты жүргүзүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова: “Жакшы жаңылыктарга жол ачылды”

— Парламенттеги Президент менен болгон ачык баарлашуу маселен, эки чакырылыштын депутаты катары жеке мен үчүн чынында кубанычтуу болду. Өзгөчө эл өкүлдөрү менен көзмө-көз, жандуу маанайда сүйлөшкөнү, ортодогу маселелерди жөнөкөй, жалпак тил менен түшүндүргөнү бир эседен жакшы жа ңылык десем болот. Мамлекет башчысы менен дайыма ушундай жолугушуулардын болуп турушу бардык тараптар үчүн алды утуш гана болот. Эл өкүлдөрү менен Президенттин суроо-жооп форматындагы баарлашуусунан көпчүлүк жарандарыбыз деле өздөрүн түйшөлткөн маселелерге карата жоопторун алышты го деп ойлойм. Садыр Нургожоевичтин мамлекеттик ипотека, санариптештирүү, жөлөк пулдар боюнча түйүндүү суроолорго чечмелеп жооп узатышынын өзү жакшы мүмкүнчүлүк болду. Президентибиз өз сөзүндө “алды ңкы жылдары Кыргызстан өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кошулушу керек” — деген жалындуу кеби мага өзгөчө жакты. Биз, баарыбыз чогуу ошол 30 өлкөнүн катарына кошулуш үчүн мамлекетибизге салым кошушубуз керек.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X