Президенттин иш башкармалыгынын айрым маселелери жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров президенттин иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө жарлыкка кол койду.

Анда кызматкерлердин төмөнкүдөй штаттык саны белгиленди:

1) 210 штат президенттин иш башкармасынын борбордук аппаратынын;

2) 3333 штат республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу президенттин иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери экени айтылат.

Президенттин иш башкармалыгынын жалпы штаты — 3543 кызматкер.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X