"Эркин-Тоо"

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Баткендеги курулуш боюнча иликтөөгө комментарий берди

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин Баткендеги курулуш боюнча иликтөөсүнө комментарий берди.

Туманбаев Region телеканалына берген маегинде «Аманат курулуш инвест» компаниясына эч кандай тиешеси жоктугун айтты.

“Бул 2021-жылы сатып алган компания экен. “Аманат курулушту” мен тандаган эмесмин, аны Мамкурулуштун мурунку жетекчисинен сураш керек. Мамкурулуш тендер өткөргөн, анын негизинде эң арзан бааны көрсөткөндүгү үчүн ошол компания утуп алган. Бирок өзгөчө кырдаал режими учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен тендер өткөрүлбөшү керек эле. Тилекке каршы, ушул жерде дагы Мамкурулуш агенттиги тарабынан мыйзам бузулган. Эки жолу бул компания баш тарткан экен, бирок президентке үйлөрдүн сметасын алып келгенде, ал жерде 5 млн 700 миң сом көрсөтүлгөн болчу. Сумма өтө чоң болгондугуна байланыштуу президент жыйын өткөрүп эсептегенде сумма 3 млн 300 миң сомдун тегерегинде чыккан. “Аманат” компаниясы курулушту 33 компанияга бөлүп берип, көзөмөлдөп жатат”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттиги Баткендеги кыйраган үйлөрдүн курулуш тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда бузулган үйлөрдү куруу үчүн тендерди «Аманат курулуш инвест» компаниясы утуп чыкканын жана ал белгиленген мөөнөттө үйлөрдү кура албаганы айтылган. Иликтөөдө ошондой эле президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин байланышы тууралуу сөз болот.

Мындан сырткары, материал жарыялангандан кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда иликтөөдөгү маалымат боюнча текшерүү жүрөрүн маалымдаган.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!