Президенттин иш сапарынын жыйынтыгы. Аймактарга жаңы техникалар берилүүдө

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178

Президенттин Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү максатында райондорду атайын жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Бүгүн, 29-июнда, Президенттин турукташтыруу фондунун жана «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Ат-Башы районуна атайын жана айыл чарба техникалары тапшырылды.

Техникаларды тапшыруу аземинде Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров жаңы техникалар калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, коммуналдык жана айыл чарба тармагындагы иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталышы керектигин белгиледи.

Ошондой эле жакынкы күндөрү Жумгал районуна 3, ал эми Кочкор районуна 5 атайын жана айыл чарба техникасын тапшыруу пландалууда.

Мындан тышкары, «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун 2026-жылга карата иш-планынын алкагында Ак-Талаа районуна 2, Ат-Башы районуна 1, Жумгал районуна 4 жана Кочкор районуна 7 атайын техника сатып алуу каралган.

Бул иштер Президенттин Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жана аймактардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган.

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X