Президенттин колдоосу менен жаңы музыкалык аспаптар сатылып алынды

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Президенттин колдоосу менен сатылып алынган музыкалык аспаптар жана техникалык жабдуулар менен таанышты. Азыркы учурда алар убактылуу “Кыргыз Маданият Сервис” мамлекеттик ишканасында сакталууда.

Жаңы алынган жабдуулардын катарына бас-гитаралар, электр жана электро-акустикалык гитаралар, санарип пианино, гитара үчүн процессорлор, комбо-күчөткүчтөр, акустикалык колонкалар, сахналык мониторлор жана микшер пульттары кирет.

Маалыматка ылайык, жаңы музыкалык аспаптар министрликке караштуу 21 музыкалык мектепке жана окуу жайга өткөрүлүп берилет. Ал эми “Кыргыз Маданият Сервис” мамлекеттик ишканасына арналган жабдыктар мекеменин базасында калат.

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X