Президенттин колдоосу. Жаштарга 50 млн сом
Бүгүн, 14-майда, Бишкек шаарында Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси өттү. Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду.
Конгресске Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар кеңештеринин өкүлдөрү, активисттер жана студенттер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө жаштар саясатын өнүктүрүү, аймактардагы жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мамлекеттик колдоону күчөтүү маселелери талкууланды.
Союзбек Надырбековдун айтымында, жаштар конгресси эки жылда бир өткөрүлүп туруучу маанилүү аянтчалардын бири болуп саналат. Ал мурда жаштар саясатын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 4 млн сом бөлүнүп келгенин, ал эми президенттин колдоосу менен быйыл бул сумма 50 млн сомго чейин көбөйгөнүн белгиледи.
Ал эми депутат Табылды Муратбеков жаштар саясатынын алкагында атайын жаштар кеңеши түзүлгөнүн айтып, аймактардан тандалып алынган 120 өкүл парламентте эки жарым айлык окуудан өтөрүн маалымдады.
Конгресстин алкагында делегаттар жаштар саясаты боюнча сунуштарын жана демилгелерин ортого салып, райондук жана шаардык жаштар кеңештеринин 2026-жылга карата пландары менен тааныштырышты.
Жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, алардын аткарылышы Министрлер кабинети тарабынан координацияланып, көзөмөлгө алынары айтылды.