Президенттин өкүлү Кара-Кулжа элинин көйгөйлөрүн укту

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

Бүгүн, 17-июнь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда район эли тарабынан жер, турак жай, таза суу, жол, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо тармактарына байланышкан бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү. Жалпысынан 25 кайрылуу түшүп, алардын ар бири тиешелүү мамлекеттик органдарга кароого жана мыйзам чегинде чечүүгө тапшырылды.

Тургундар жеке менчик жерлердин мыйзамдуулугун коргоо, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүү, жайыт жана чек ара маселелерин жөнгө салуу, таза суу жана сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу, мектеп, спорт зал жана ФАП куруу, ошондой эле жолдорду кеңейтүү жана асфальттоо боюнча маселелерди көтөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө айрым социалдык долбоорлор боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынды. Атап айтканда, Жаңы-Талап айылындагы футбол аянтчасынын үстүн жабуу иштерине Облустук өнүктүрүү фондунан 2 миллион сом бөлүнөрү белгиленди.

Ошондой эле Кара-Кочкор айылындагы жаңы спорт залдын курулушун бүтүрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, РМА жана демөөрчүлөр тарабынан 3,5 миллион сом өлчөмүндө каражат топтолгондон кийин, Облустук өнүктүрүү фондунан кошумча 5 миллион сом бөлүнөрү айтылды.

Октябрь айылындагы футбол аянтчасынын үстүн жабуу боюнча долбоорлоо иштери 2027-жылга чейин бүткөрүлүп, андан соң Өнүктүрүү фондуна сунушталары белгилүү болду.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев бардык кайрылуулар көзөмөлгө алынып, тиешелүү мекемелер тарабынан мыйзам чегинде караларын билдирди.

Эскерте кетсек, 18-июнь күнү Аманкан Кенжебаевдин Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуусу өтөт.

 

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X